Европанын өнүгүү жана кайра куруу банкы 2-декабрда жасаган билдирүүгө караганда, банк кайрадан Түркмөнстанга насыя берүүнү улантат. Банктын бул багыттагы аракеттери 2000-жылы токтотулган, анткени Түркмөнстандын Борбордук банкы өлкө аймагында акча алмаштырууга чектөө салган. Өткөн аптада Ашгабатта 15 миллион долларлык насыя боюнча келишимге кол коюлду.