Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Бишкекте адам аткезчилигине каршы күрөшүүгө арналган жыйын өтүүдө


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Адам сатууга каршылык көрсөтүү: кызматташуу саясатын иштеп чыгуу» аттуу аймактык конференция ишин баштады. Эл аралык миграция уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен өткөрүлүп жаткан конференция үч күнгө созулат жана анда адам сатууга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү стратегия иштелет. Жыйынга Борбор Азия мамлекеттеринин жана Орусиянын өкүлдөрү катышууда. Конференцияда айтылган маалыматка караганда, дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 4 миллиондон ашык киши адам сатуучу соодагерлердин торуна түшүп, акысыз иштеген кулга, аялдары сексиндустриянын куралына айланышат. Кыргызстандын Башкы прокурорунун орун басары Курмантай Абдиевдин айтымында, ушул жылы өлкөнүн чек арасынан мыйзамсыз өткөн 28 адамга карата 18 кылмыш иши козголду. Ал эми өткөн жылы мындай иш 54 адамга каршы козголуп, 47 иш сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Мырзабек Исмаилов ушул жылдын октябрь айында өспүрүм кыздарды сексиндустрияга тартып жүргөн 10 кишиден турган кылмыштуу топ кармалгандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG