Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Оппозиция шайлоо алдындагы саясатын аныктайт


БИШКЕК. Бүгүн «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» кыймылынын жыйыны болуп, анда кыймылдын парламенттик жана президенттик шайлоолор алдындагы иш-аракеттерин аныктоочу жумушчу комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Кыймылдын төрагасы Азимбек Бекназаровдон ушул күнү алынган маалыматка караганда, жумушчу комиссия кыймылга мүчө саясий партиялардын жана коомдук-саясий ишмерлердин шайлоо алдындагы иш-аракеттерине кызыгып, анан кайсы партиялар менен бир блок түзүү керектигин аныктап чыгат. Азырынча жумушчу комиссиянын толук тутуму жана аны ким жетектээри чечиле элек. Бирок, ага «Жаңы Кыргызстан», «Эркиндик», КДКП, «Асаба» жана «ЭрК» саясий партияларынын өкүлдөрүнүн кирээри дайын болду.

XS
SM
MD
LG