Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:41

ГРУЗИЯДАГЫ САЯСИЙ ОКУЯ ПОСТСОВЕТТИК ӨЛКӨЛӨРДӨГҮ БИЙЛИКТИН АЛМАШЫШЫН ТЕЗДЕТЕБИ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Өткөн кылымдын 90-жылдары 70 жыл бою өкүм сүргөн дүйнөдөгү эң ири тоталитардык система кыйрап, анын ордуна бир нече эгемендүү мамлекеттер пайда болгон. Көп өтпөй бул өлкөлөрдүн айрымдарында кайрадан эле тоталитардык башкаруу орносо, айрым өлкө жетекчилери авторитардык башкарууга ыктап кеткендиги байкалат. Серепчилердин пикиринде, Грузиядагы окуя мына ошол мурдагы Совет биримдигине кирген өлкөлөрдө кайрадан орногон авторитардык башкаруунун алмашышын тездетүүчү тарыхый окуя болуп калды

Саясат таануу илиминде тоталитардык башкаруудан авторитардык башкаруу ыкмасы төмөндөгүдөй айырмаланат. Тоталитардык башкаруу учурунда өлкөдө бир партиянын бийлиги өкүм сүрөт. Бийлик жүргүзгөн саясатка каршы чыккан атуулдар репрессияга дуушар болот. Ал эми авторитардык башкаруу учурунда көп партиялуулук, сөз эркиндигине жана оппозициянын ишмердүүлүгүнө ошол бийликтин өмүрүнө коркунуч туудурбаган деңгээлге чейин аракет кылуусуна мүмкүнчүлүк берилет. Тагыраак айтканда, өзүн президенттике талапкер катары көрсөтүп, артынан элди ээрчитип кетүүгө жөндөмдүү саясатчылар көп жылга түрмөгө камалат. Ал эми эл ишенимине ээ болбой калган саясатчыларга карата куугунтук токтотулуп, түрмөдөн чыгарылат. Ошондой эле бийликке каршы ачык сын жазган массалык маалымат каражаттары жабылат. Өз мезгилинде бийликтин мындай эки жүздүү саясатын көпчүлүк учурда жалпы коомчулук ачык байкабайт.

Анткени бийлик өкүлдөрү демократиянын айрым баалуулуктарына таянып алып, коомдо «өлкөдө сөз эркиндигине, оппозиция аракетине чек коюлган жок» деген пикир жаратууга аракет жасайт.

Талдоочулардын пикиринде, Грузиядагы саясий кризистин башкы себеби: биринчиден, өлкө жетекчилигинин бийликти эч кимге бергиси келбей, одоно мыйзам бузууларга жол бергендиги. Экинчиден, бул өлкөдөгү кадр саясаты жана башка эң маанилүү ыйгарым укуктар бир адамдын колуна топтолуп, башка постсоветтик өлкөлөрдөгүдөй эле коррупциянын мамлекеттик деңгээлде өнүгүшүн шарттады. Натыйжада, өлкөдө оор экономикалык абал түзүлдү. Ошондой эле Шеварднадзенин алмашуусуна катардагы карапайым эл эле эмес, айрым жетекчилердин да бийликке ишенбей калышы себеп болду. Мына ушундан улам айрым саясатчылар Грузиядагы саясий окуяны Кыргызстан жана башка постсоветтик өлкөлөрдө түзүлгөн кырдаал менен салыштырышууда. Бирок, президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаев Грузиядагы бийликтин алмашуусуна алып келеген кырдаал Кыргызстанда түзүлгөн жок дейт:

- Эч салыштырууга болбойт. Айрым оппозициячыл саясатчылар «Грузиядагы окуя Кыргызстанда да орун алышы мүмкүн» деген оюн айтышууда. Алардын тилеги таш капсын. Бул эң туура эмес. Грузияда башка кырдаал түзүлгөн, Кыргызстанда теңирден тескери абал.

Чолпонкул Арабаевдин жогорудагыдай пикирине депутат Исмаил Исаков макул эмес:

- Грузиядагы бүгүнкү окуяларды Кыргызстан менен салыштырууга болот жана абдан окшош. Ал жерде да элдердин турмушу начарлоодо. Бийлик одоно мыйзам бузууларга барды эле элдин нааразылыгы жаралды. Мына бүгүн депутаттар өлкөдөгү энергетика тармагында түзүлгөн кырдаалды карадык. Жер-жердеги бийлик өкүлдөрү колдонбогон энергия үчүн карапайм элдин жөлөк пулунан кармап калышууда. Бийликтин мындай аракети өлкөдө революциялык кырдаалды жаратууда. Эгерде, ушундай аракет улана берсе, Кыргызстанда Грузиядагыдан да жаман саясий окуялар болот.

Ошентип, кандай болгон күндө да Грузияда катардагы атуулдардын колдоосу менен жаңы саясий топ бийликке келди. Саясат таануу илиминде мындай көрүнүш авторитардык башкаруудан демократиялык башкарууга өтүүчү окуя катары сыпатталат. Тагыраак айтканда, Гузия эли учурда жаңы бийликтен көп жакшы кадамдарды күтүүдө.
XS
SM
MD
LG