Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

ОРУСИЯДА МАЙДА УЛУТТАРДЫН САНЫ ӨСҮҮДӨ


Аманбек Дилденбай, Прага Орусиядагы эл каттоо жыйынтыгы көрсөткөндөй, өлкөдө майда улуттардын саны кыйла өскөн. Учурда Орусияда 160ка жакын ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү жашайт. Өлкөдөгү улуттардын өсүүсүнө жана өксүгүнө кабарчыбыз Аманбек Дилденбай сереп салат.

Орусиянын Улуттар боюнча министри Владимир Зориндин маалымдашынча, өлкө боюнча өткөн жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, жалпысынан калктын кескин азайуусу анча байкалган эмес. Учурда Орусиянын калкынын саны жалпы жонунан 145 миллионго жакын адамды түзөт. Советтер Бирлиги мезгилинде Орусия федерациясында өткөрүлгөн 1989-жылдагы эл каттоого салыштырмалуу өткөн жылдагы эл каттоодо 2 миллионго жакын адам аз катталган. Анткени кийинки мезгилдерде өлкөдөн башка жактарга жер оодарып кеткендердин саны өскөн. Орусия улуттук азчылыктары көп өлкө катарында Европа чөлкөмүндө алдыңкы саптагы мамлекет болуп эсептелет. Анткени ушу тапта Орусияда 160ка жакын этностук топтор жашайт. Улуттар боюнча министр Зориндин билдиришинче, өлкөдөгү калктын 80%ын орустар түзөт. Азыркы тапта алардын саны 116 миллиондой. Акыркы жылдарда көп сандагы украин, немис калктары Орусиядан көчүп кетишсе, армян, азербайжан, тажик элдеринин өкүлдөрү Орусияга көбүрөөк көчүп келип отурукташууда. Ал эми Орусиядагы жөөттөр тескерисинче 1989-жылдагы эл каттоого салыштырмалуу 50%га азайган, же болбосо 540 миңден 230 миңге азайган.

Орусияда башка динди туткан улуттар сыяктуу эле мусулмандар да өз динин эркин тутушат. Мусулман динин туткан калктын саны тууралуу Орусия министри Зорин:

-Мусулман диний ишениминдеги этностук топтордун 14,5 миллион өкүлү бар. -

Бул билдирүүгө Орусиядагы муфтий Равил Гайнуддин макул эмес. Анын айтымында өлкөдөгү бозгунчулукта жүргөн мусулмандарды кошкондо, Орусияда 20 миллиондон ашуун мусулман бар.

Орусиянын Улуттар боюнча министрлигинин маалыматына караганда Кавказ аймагынан келип жашагандардын саны күн өткөн сайын көбөйүүдө. Алдын ала алынган маалымат боюнча, татар, башкыр, украин, чуваш, чечен, армян улутундагылар эле бир же бир нече миллиондоп саналат. Чечен улутундагылардын саны 50%, кабардиндердин саны 28%га, аварлар, дагестандыктар 40% көбөйгөн. Ал эми Орусиядагытүрк элдеринен сан жагынан эң көп жашагандар-татар улутундагылар. Алар 5,5 миллонго жакын адамды түзөт. Алардын курамында христиан татарлары менен сибирь татарлары да бар.

Кийинки мезгилде Башкырлардын сан жагынан көбөйгөнү окумуштуулардын көңүлүн бурууда. Орусия илимдер академиясынын антропология жана этнология институтунун директору Валерий Тишков буларга токтолду:

--Татарлардын сан жагынан өсүүсү жок десек да болот, алар өтө жай көбөйүүдө,--дейт Тишков. .

Ал эми Башкыр улутундагылардын көбөйүшү тууралуу Тишков мындайча түшүндүрмө берет:

– Башкырлардын тез көбөйүшүнүн бир себеби ички миграцияга байланыштуу жана 1989-жылдагы эл каттоодо “татар” деп жазылып калган башкырлар учурда кайра өз улутуна жазылууда, -дейт Тишков. .

Окумуштуулардын айтымында, жергиликтүү орус элинин саны азайып, балдардын төрөлүшү кескин төмөндөп кеткен. Ал эми сырттан көчүп келип отурукташкан башка улуттун өкүлдөрү күн санап өсүүдө.

XS
SM
MD
LG