Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

ГРУЗИЯДА ПРЕЗИДЕНТТИК ЭРТЕ ШАЙЛООГО КАТЫШУУГА ОН БЕШ ТАЛАПКЕР БЕЛСЕНҮҮДӨ


Грузиядагы январдын 4үнө белгиленген президенттик эрте шайлоодо он беш талапкер ат салышууга ниеттенүүдө. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы шейшембиде дал ушундай маалыматы менен бөлүштү. Эл аралык коомчулук бул шайлоо демократиялык мүнөздө өтөт ко деп үмүт кылууда.

Президенттикке талапкер катары расмий катталууга ниеттенип жаткан он беш саясатчы эми 12-декабрга чейинки мөөнөттө өздөрүн жактаган шайлоочулардын арасынан 50 миң кол топтоого тийиш. Мындай колду талапкер жалпы өлкө боюнча эмес, анын кайсы-бир чөлкөмүнөн эле топтоого да акылуу. Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы тийешелүү кол топтолгондон кийин гана талапкерлерди расмий каттоодон өткөрөт.

Талапкерлердин ичинен Михаил Саакашвили өзүнчө айырмаланып тураарын айтсак ашыкча кетпес. Өткөн айда президент Шеварднадзени бийликтен кетүүгө аргасыз кылган ири демонстрациялардын уюштуруучуларынын бири – Михаил Саакашвили болчу. 35 жашар саясатчы мурда юстиция министри кызматын да аркалаган. Ал Улуттук кыймыл партиясын жетектейт. Аны президенттик милдетти убактылуу аткарып жаткан Нино Буржанадзе менен мамлекеттик министр Зураб Жвания да колдоого алууда. Бирок Саакашвилини “төңкөрүш жасады” деп айыптап, аны бар аргасы менен бийликке келтирбөөгө аракет кылчу саясий топтор да өлкөдө арбын экенин айта кетүү абзел. Саакашвилини айрыкча Ажария автономия аймагынын жетекчиси Аслан Абашидзе “төңкөрүшчү” катары курч сынга алууда.

Талапкердиги коюлаары жоромол кылынган талаш-тартыштуу дагы бир саясатчы - КГБнын мурдагы полковниги Игор Георгадзе. Ал 1993-95-жылдары өлкөнүн коопсуздук министри болуп турган. Ушул тапта Орусияда байырлаган Георгадзе мырзага өлкөнүн коопсуздук күчтөрү 1995-жылы Эдуард Шеварднадзенин өмүрүнө кол салуу аракетин уюштурган деген доо боюнча издөө жарыялаган. Георгадзе бул доолорду четке кагып келет. Грузиянын ички иштер министри Георгий Барамидзе болсо Игор Георгадзе өлкөгө кайра келээр замат камакка алына турганын шейшембиде эскертти.

Ал эми эл аралык коомчулук болсо расмий жыйынтыгы четке кагылган ноябрдагы парламенттик шайлоо Грузия үчүн өтө олуттуу сабак болгонун, 4-январга белгиленген президенттик эрте шайлоо демократиялык нукта өткөрүлөөрү үчүн расмий Тбилиси да, карапайым шайлоочулар да бар аракетин жасаарына үмүттөнөөрүн билдирүүдө.

Өтө оор экономикалык кырдаалга кептелген Грузияга шайлоо өнөктүгү үчүн каржылык жардам берүү маселеси да козголуп жатат. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы, Голландиянын тышкы иштер министри Йаап де Хооп Схеффер дүйшөмбүдө мындай деп билдирди:

- Голландия келээрки январдагы бул шайлоо үчүн бир миллион евро каржылык жардам бермекчи. Башка өлкөлөр да, ошондой эле Европалык Комиссия да Грузияга жакынкы жана узак мөөнөттүк жардам берээри тууралуу мени ишендиришти.

Соңку маалыматтарга караганда, ЕККУ Грузияга беш миллиондон ашуун евро акча каражатын, ал эми Европалык Комиссия – эки миллиондой евро жардам бермекчи. Бул акчалай жардам каржалган расмий Тбилисинин шайлоо үчүн зарыл деген каржылык түйшүгүн чечүүгө ашыгы менен жетчүдөй.

Жалпы эле пост-советтик мейкиндиктеги өлкөлөр Грузиядагы кырдаалды өтө кылдаттык менен байкоодо. Алатоодогу жергиликтүү серепчилердин айтымында, кыргызстандыктар үчүн да Тбилиси окуялары 2002-жылкы Аксы трагедиясындай эле олуттуу сабак берген ойготкуч учур болуп калды.
XS
SM
MD
LG