Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун экинчи айлампасын 25-январда өткөрүүнү сунуш этти


Бул чечимди эми президенттин кызматын аткарып жаткан Нино Буржанадзе колдошу керек. Грузиянын убактылуу жетекчилери чукул президенттик шайлоону 4-январда өткөрүүгө чечин кылышкан.
Президенттик шайлоого Европа комиссиясы 2 миллион евро, ал эми азык-түлүк жагынан жардамга деп 5 миллион евро бөлөөрүн жарыялады. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Грузиянын жаңы жетекчилигине колдоо билдирди жана "өлкөнүн аймактык биримдигин сактап калуу үчүн эл аралык коомчулук колдон келгенин аянбашы керек" деди. Бүгүн Грузияда америкалык делегацияны күтүп жатышат.

XS
SM
MD
LG