Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:39

ЛИТВА ПАРЛАМЕНТИ ПРЕЗИДЕНТ РОЛАНД ПАКСАСКА ИМПИЧМЕНТ ЖАРЫЯЛАЙБЫ?


Литвада азыр саясый жагдай өтө курчуп турган кез. Атайын түзүлгөн парламенттик комиссия өлкө президенти Роланд Паксасты жана анын кеңсесин уюмдашкан кылмышкерлер менен байланышы бар, мындай байланыш мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурат деп жарыялады. Парламент эми комиссиянын иликтөөсүнө таянып, президент Паксаска ишеним көрсөтпөө жараянын баштоого кам көрүүдө.

Литва президенти Роланд Паксас жыл башында мамлекеттик бийликтин эң бийик сересине көтөрүлгөнгө чейин эки ирет өкмөт жетектеген. Байкоочулардын айтымында, парламент непада импичмент жараянынан баштап калса, Паксаска учкучтук чебердиги жана бай саясый тажрыйбасы таянч болчудай эмес. Паксас сяасатка арлашканга чейин түрдүү татаал трюктарды аткарган чебер учкуч болгон.

Октябрь айында Литванын коопсуздук кызматы маалымат булактарына өлкө президенти жана анын коопсуздук иштери боюнча масилээтчиси эл аралык кылмыш топтору менен байланышта, президентти каржылап жүргөн Юриус Борисовас деген орус ишкер Суданга мыйзамсыз курал сатууга катышкан деген эки кабарды жайылтып жиберген.
Удаа эле Россиянын коопсуздук кызматы менен байланыштагы фирмалар Паксас жана анын жардамчыларынан ар кандай баалуу маалыматтарды алып турат деген да кабар таратылган.

Ошондон кийин парламент атайын комиссия түзүп, президенттин жардамчылары суракка алынды жана айрымдары кызматтан кетишти.

Роланд Паксас өзү да комиссия алдында президенттик өнөктүгүн акчалай жактан каржылаган Борисовас менен болгон мамилеси боюнча узак түшүндүрмө берди.
Паксас өзүн саясый күрөштүн курмандыгы деп эсептейт:

- Мага далили жок таңууланып жаткан иштер эч качан болгон эмес. Тергөө жана анын жыйынтыгы, шашылыш өткөрүлгөн парламенттик иликтөө - мунун баары түрдүү айла- амалды колдонуп, мени кызматтан кетирүүнү көздөгөнүн тастыктады.

Роланд Паксас шейшемби күнү куптан ченде жасаган билдирүүсүндө өзүн эч кандай күнөөм жок деп, кызматтан кетпесин айтты:

- Мен Литва мамлекетинин жана анын элинин кызыкчылыгын ар качан коргогонмун жана коргой берем. Мени бул багыттан эч ким күчкө салып да чыгара албайт.

Атайын комиссиянын төрагасы Алойзас Сакалас 2-декабрда изилдөөнүн жыйынтыгын парламентке тапшырып жатып, мындай деди:

- Комиссиянын жыйынтыгы боюнча, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч болгон жана ал азыр да бар. Президент Роланд Паксас тышкы күчтөрдүн башкаруусу жана таасири астында турганда, мындай коркунуч кала берет.

Премьер-министр Алгирдас Бразаускас дагы, түз айтканда, өлкөгө чыккынчылык жасады деп күнөөлөнүп жаткан президентти кызматынан кетүүгө чакырды.

Ушу тапта демилгечи топ импичмент жараянынын баштоого зарыл 36 депутаттын кол тамгасын чогултууда. Алдыдагы күндөрдө ордо шаар Вилньюста жана башка жерлерде Паксастын кызматтан кетүүсүн талап кылган демонстрациялар башталат деп боолголонууда.

Кол топтолсо эле, парламенттин адегенде күбөлөрдү угуп, андан соң Роланд Паксасты айыптуу же ак деп табуусу үчүн 85 добуш болсо жетиштүү. Литванын сейминде бардыгы 141 депутат бар.

Литванын тышкы байланыштарды изилдөө институтунун директору Раймундас Лопата ишеним көрсөтпөө жараяны кандай бүтөрүн божомол кылуу оор дейт:

- Импичмент жараяны кылдаттыкты жана узак мөөнөттү талап кылган иш болгондуктан, ал жөнүндө прогноз жасоо мүмкүн эмес. Убакыт узак, бирок чектелүү экенин эске алганда, алдыда саясый оюнда колдонулчу айрым белгисиз жагдайлар түзүлүп, жаңы далилдер пайда болушу ыктымал.

Литванын мурдакы премьер-министри, консервативдүү Ата журт партиясынын азыркы төрагасы Андриус Кубилюстун оюнча, өлкө президентинин ысымы аралашкан чуулуу иш Литванын кадыр-баркына катуу доо келтирди. Ал чуулгандуу ишти АКШ президенти Р.Никсонду бийликтен алып түшкөн “Уотергейт” окуясына окшоштурат.

Бирок, Кубилюс чатак туура чечилет деген үмүттө:

- Литва кризистин чыгуунун демократтык жолун табат. Парламент жараянды коомчулуктан жашырбай, ачык-айкын өткөрүп, Литвадагы демократия бутуна бекем туруп калганын жана башка өлкөлөрдө бир кездерде болгонго окшош азыркы олуттуу кризисти чечүүгө жарамдуу экенин көрсөтө алат.

Деген менен, байкоочулар Литваны алдыда оор саясый сыноо күтүүдө дешет.

XS
SM
MD
LG