Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

ШАЙЛОО КОДЕКСИНИН ЖАҢЫ ДОЛБООРУНДА КЕМЧИЛИКТЕР КӨП


3-декабрда Жогорку Кеңеште «Шайлоо алдындагы үгүт» деген темада коомдук талкуу өтүп, анда Шайлоо кодексине киргизилиши мүмкүн болуп жаткан өзгөртүү-толуктоолор тууралуу сөз жүрдү. Талкууга катышкан Эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү Шайлоо кодекси боюнча сунуш кылынып жаткан долбоор ушул калыбында жактырылса, анда шайлоочулардын жана маалымат каражаттарынын бир катар укуктары бузула турганын белгилешти.

Шайлоо кодексине беш багыт боюнча өзгөртүү-толуктоолордун кириши күтүлүүдө. Алар депутаттыкка же президеттикке талапкердикке, шайлоо комиссияларына, шайлоону өткөрүүнүн тартибине, шайлоонун калыс, ачык өтүшүнө жана укуктук меселелерге байланыштуу. 3-декабрда парламенте өткөн коомдук угууда Шайлоо алдындагы үгүт иштерине басым жасалды. Жыйындын катышуучуларынын көпчүлүгү Шайлоо кодексине сунушталып жаткан өзгөртүү-толуктоолордо «шайлоо алдындагы үгүт деген эмне?» деген суроого так жооп жок экендигин белгилешти.

- Азыркы сунуш кылынып жаткан вариант боюнча шайлоо алдындагы үгүткө бардык иш-чара кирип калат. Атургай менин атымды шайлоо алдында «Азаттык» радиосу атап койсо, ал да үгүттөө катары кабыл алынышы мүмкүн, - дейт депутат Оксана Малеванная.

Жыйынга катышкандар Шайлоо кодексинин 30-беренесинин 7 пунктуна киргизилип жаткан
«Кыргыз Республикасынын аймагына тарап жаткан чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүшүнө тыюу салынат» деген нормага катуу сын-пикирлерин айтышты. Ошол эле Шайлоо кодекси баштаган Кыргызстандын мыйзамдарында шайлоодо үгүт жүргүзүү менен шайлоонун жүрүшүн чагылдырууну так ажыраткан эреже жок. «Общественный рейтинг» гезитинин баш редактору Айбек Чекошевдин айтымында, минтип чектөө киргизүү менен кыргыз бийлиги бир катар эл аралык келишимдерге каршы иш жүргүзгөн болот:

- Бизде ансыз деле «чет өлкөлүк маалымат каражаты» деген терминдин өзү так аныкталган эмес. Эгер биз чет өлкөлүк маалымат каражаты деген түшүнүккө Орусиянын бул жерде тарап жаткан гезиттерине тиркемелерди алсак, анда алар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүшкөн.

Айбек Чекошевдин мындай пикирин кубаттаган депутат Оксана Малеваная «чет өлкөлүк маалымат каражаттарын башкаруу мүмкүн эместигин айтат:

- Биз кантип аларга «муну жаз, муну жазба» деп көрсөтмө бералабыз?

Бирок, Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын
өкүлү Нина Мухина аталган норма мамлекеттин көзкарандысыздыгын жана коопсуздугун сактоо максатында киргизилген, анткени, ошол эле Бириккен Улуттар Уюмунун 2000-жылы өткөн Башкы Ассамблеясынын 54-сессиясында кабыл алынган резолюциянын 116-пунктунда башка мамлекеттердин кайсы бир өлкөлөрдүн шайлоо иштерине кийлигишүүсүнө тыюу салынган дейт:

- Бул жерде сөз чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын үгүт жүргүзүүсү жөнүндө гана айтылып жатат. Алар шайлоонун жүрүшү тууралуу маалыматын мурдагыдай эле бере беришет. «Үгүт жүргүзүү» дегенибиз мисалы, «Франс-пресс» эле Оксана Малеванная тууралуу аны мактап жазып кирсе, үгүт жүргүздү деп эсептелет, - деген оюн айтты Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Нина Мухина.

Жыйынга катышкандар, андан тышкары, бейөкмөт уюмдардын шайлоонун жүрүшүнө катышуу укуктарына токтолушту. 2000-жылдагы президенттик шайлоодо бийлик «чет мамлекеттин акчасына кармалып турган «Атуулдук коом жана демократия үчүн» коалициясы Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат» деген кинесин айткан болчу. Шайлоо кодексине кирип жаткан өзгөртүүлөрдө коомдук уюмдардын, ачык айтканда, бейөкмөт уюмдардын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштерине тыюу салынган. Жыйындын катышуучулары да буга каршы болушуп, бийлик Кыргызстанда демократиялык мамлекет курууну кааласа, бейөкмөт уюмдарга мүмкүнчүлүк бериш керек дешти.

- Бизди чет элден каражат алып иштеген уюмдар шайлоонун жүрүшүнө көзөмөл жүргүзө албай калышы катуу тынчсыздандырат. Мындай жобо Кыргызстан кол койгон эл аралык бир катар келишимдерди бузат, - деди Улуттук демократиялык институттун өкүлү Салома Самадашвили.

Коомдук угуунун жүрүшүндө айтылган мындай сын-пикирлер эми депутаттарга берилмек болду. Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 4-декабрда дал ушул Шайлоо кодексин карашы күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG