Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

ОРУСИЯ: “КРЕМЛЧИЛ” ПАРТИЯ ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮНДӨ ЖАСАЛМА АРТЫКЧЫЛЫКТАРГА ЭЭ


Россияда депутаттык мандат үчүн ат салышуу өз марасына жакындап калды. 450 орундуу Мамлекеттик думанын жарымы партиялык тизмелер боюнча, калган жарымы - бир мандаттык округдардан шайланмакчы. Байкоочулар бул жолку шайлоо өнөктүгү кремлчил “Бирдиктүү Россия” партиясынын үстөмдүгү алдында өтүп жатат дешүүдө. Россиядагы парламенттик шайлоого арналган түрмөктүн алгачкы бөлүгүн сунуш этебиз.

Ошентип, 7-декабрда Мамлекеттик думадан орун ээлеп калалы деген 23 саясий партия узун марафонун аяктайт. Азыркы Думада 210го чукул орун өкмөтчүл партияларга таандык, алардын 145и - “Бирдиктүү Россияга”, калган 65тейи – башка шериктеш фракцияларга тиешелүү. Оппозициянын ичинен болсо коммунисттердин 110, “Оңчул күчтөрдүн биримдиги” - СПСтин - 31, “Яблоконун” – 17 депутаты бар. Жириновскийдин Либерал демократтары Думада 14 орунду ээлейт.

Ал эми болочок депутаттык корпустун курамын айрым байкоочулар төмөнкүдөй болжолдоп жатышат. “Бирдиктүү Россия” 285тин тегерегинде депутаттык орунга жетиши мүмкүн, алардын ичинен 100дөйү бир мандаттык округдан болоору ыктымал. Коммунисттер уюму парламенттеги экинчи ири партия болуп калышы ажеп эмес. Бирок, дешет айрым эксперттер, зюгановчулар азыркыдан кыйла аз мандат алып калышы деле толук ыктымал. Прогноздорго караганда, либерал-демократтар 5 пайыздык тосмодон өтө алат, ал эми СПС менен “Яблоко” Думадагы орундарынан кол жууп калышы да ажеп эмес. Андай болгон күндө аталган эки демократиячыл партияга жергиликтүү шайлоодо өз алдынча ат салышууда, президенттикке талапкер көрсөтүүдө бир топ кыйынчылыктар түзүлүп калмакчы.

Ошол себептен улам, “яблокочулар” Чеченстан өңдүү талаштуу маселелерди козгоого аракеттенип келатышат. Бирок, партиянын мүчөсү Даниил Мещеряков өзү мойнуна алгандай, чечен маселеси жөнүндө сөз кылуу оңой-олтоң эмес:

- Бул тема дискуссиялар, жолугушуулар учурунда талкууланбайт. Аны жабык деп айта алабыз. Ушундай жагдайда чыгып алып, Чеченстан жөнүндө кыйкыра баштасак, бул провокация катары кабыл алынат. Албетте, маселени козгой алабыз, бирок ал оңой эмес.

Быйылкы шайлоо өнөктүгүнө партиялар мурунку жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк каражат, тактап айтканда, 250 миллион рубль, же 8 миллион доллар сарптоого укук алышкан.
“Яблокочулар” “Юкос” компаниясынын мурунку жетекчиси Михаил Ходорковский камакка алынгандан бери, партиянын казынасы кыйла бөксөргөнүн айтышат.
Коммунисттер да каржылык түйшүккө туш болуп жатышат, - дейт партиянын мүчөсү Юрий Петряков:

- Соңку отчетту алганда, биздин бюджет 50 миллион рублди түзүптүр. “Бирдиктүү Россия” болсо 230 миллион рубль сарптаптыр, ал дагы 10 миллион корото алат. Биздин дагы 190 миллион рубль сарптоо укугубуз бар. Бирок андай акча каражатыбыз жок.

“Яблоко” менен катар коммунисттер да, бийликтеги партиянын маалымат блокадасынан улам, үгүт иштерин жер-жерлерде, - айрым учурларда шайлоочуларды үймө-үй кыдырып, - алып барууга мажбурбуз дешет.

Көпчүлүк байкоочулар да быйылкы парламенттик добуш берүү өнөктүгү “Бирдиктүү Россиянын” үстөмдүгү алдында өтүүдө деген пикирде.

Өткөн жума күнү Россиянын мамлекеттик сыналгы каналы президент Владимир Путиндин интервьюсун көрсөттү. Мамлекет башчы кеңири коомчулукка эмне себептен “Бирдиктүү Россияны” колдоп жаткандыгын ачыктап берди. Бул “кремлчил” партиянын маалымат каражаттарында пайда болуунун кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар экендигинин бир эле мисалы.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму бир партия тарабынан административдик булактарды пайдалануу учурларына жана жалпы эле “тегиз эмес мүмкүнчүлүктөргө” карата өз камтамачылыгын билдирди.

ЕККУ 7-декабрдагы добуш берүүгө байкоо жүргүзүүгө камынууда.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG