Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Немис канцлери Кытайдын бийликтерин Интернетке киргизилген чектөөлөрдү азайтууга чакырды


Герхард Шрөдөр бул тууралуу бүгүн Бээжинде жергиликтүү студенттер менен жолуккан учурунда айтты. Немис канцлеринин пикиринде, эгер кытайлыктар Интернетти ээн-эркин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушса, аны колдогондордун саны жагынан ал дүйнөдө алдыңкы орунга чыгат. Кытай өкмөтү Интернетти билим алууда жана коммерциялык иштерде пайдаланылышын жактайт. Бирок өкмөттүн бийликке ыңгайсыз деп эсептелген интернет сайттардын жолун бууш үчүн миңдеген цензорлору бар. Интернетте сынчыл материалдарды жайгаштыргандарга каршы катаал жаза колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.

XS
SM
MD
LG