Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:34

Литванын парламентинде президентке каршы импичмент жараяны башталуу алдында турат


Депутаттардын демилгечи тобу президент Роландас Паксаска карата импичмент жараянын баштоону караган документти келерки жумада добушка коюуга ниеттенүүдө. Чечим кабыл алыныш үчүн бул сунушту парламенттеги 141 депутаттын 36сы колдошу керек. Ал эми президенттин отставкага кетиши үчүн 85 депутат добуш бериши зарыл. Кечээ парламент президенттин айланасындагы адамдар эл аралык мафия менен байланышы бар деген корутундуну бекитти. Мындай тыянакты парламенттин бул маселе боюнча иликтөө жүргүзгөн атайын комиссиясы чыгарган эле. Президент Паксас жогорудагыдай айыптоолорду төгүндөп, отставкага кетпесин билдирип жатат:
- Иликтөө кантип жүргүзүлгөнүн, анын жыйынтыгын караганда парламенттин утрумдук комиссиясы, менимче, мага далили жок айыптоолорду тагуу менен кандай болбосун мени кызматтан кетирүү максатын гана көздөп жатканын ырастады.
Литванын премьер-министри А. Бразаускас да президентти импичмент жараянын күтпөстөн эле кызматтан кетүүгө үндөөдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG