Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Ирактын Башкаруу кеңеши жана америкалык администрациянын башчысы бийликти өткөрүп берүү маселесин талкуулады


Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү америкалык администрациянын башчысы Пол Бремер менен бийликти ирактыктарга өткөрүп берүүнү тездетүү планын кайра карап көрүү максатында жолукту. Башкаруу Кеңешинин ичинде да бул маселе боюнча мунаса жок. Жакында ирак шийиттеринин диний лидери, улуу аятолла Али ас-Систани АКШнын бийликти ирактыктарга келерки жылдын июнь айында өткөрүп берүүнү караган планын четке каккан. Ал бийлик мындан да эрте берилишин талап кылууда. Мунун аралыгында, АКШнын аскерлеринин кечээ өлкөнүн түндүгүндө Хавижа шаарында жүргүзгөн рейди учурунда 54 адам кармалды. Операциянын максаты - Ирактын мурдагы жетекчилигинде Саддам Хусейнден кийин эле экинчи орунда турган Иззат Ибрагим ад-Дурини колго түшүрүү эле. Бирок бул ирээт да коалициялык күчтөргө каршы чабуулдарды уюштургандардын бири катары каралып жаткан ад-Дурини табуу мүмкүн болгон жок, анын жеке катчысы кармалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG