Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Журналист менен укук коргоочу Медиакеңешке кайрылышты


БИШКЕК. Бүгүн «Аалам» гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев менен Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун Медиакеңешке кайрылуу жолдошту. Алар «Агым» гезитинин ээси Мелис Эшимканов менен Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаевдин «Аалам» гезити боюнча берген доо арыздарын караган соттук териштирүүгө нааразы экендиктерин билдиришкен жана кырдаалды калыс териштирип берүүнү Медиакеңештен өтүнүшкөн. Кайрылууда ««Аалам» гезитинин редакциясы эч кандай мыйзам бузууга барбаса да доогерлердин арыздарын сот кабыл алып, ишти доогерлерге жан тартуу менен карады», деп айтылат. Чолпонбек Абыкеев менен Турсунбек Акун бийликти жактаган басылмаларга каршы эч ким сотко арыз бербестигин белгилешкен. «Бийликти сындап келген «Аалам» гезитине байланышкан кырдаалга калыс баа бербесе, Медиакеңештин деле зарылдыгы жок» дешет кайрылуунун авторлору.

XS
SM
MD
LG