Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:15

Шайлоо алдындагы үгүт боюнча коомдук угуу өттү


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында «Шайлоо алдындагы үгүт» деген темада коомдук угуу болду. Анда Шайлоо кодексине өзгөртүү жана толуктоорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун үгүт иштерине арналган беренелери талкууга алынды. Жыйынга катышуучулар өзгөчө, долбоордогу «Шайлоо алдындагы үгүттү чет элдик массалык маалымат каражаттары аркылуу жүргүзүүгө тыюу салынат» деп жазылган 30-берененин 7-пунктуна сын-пикирлерин айтышты. Анын үстүнө Кыргызстандын мыйзамдарында кандай маалыматтар үгүттөө деп бааланары жана кандай маалыматтар үгүттөө деп эсептелбестиги так аныкталган эмес. Борбордук Шайлоо комиссиясынын өкүлү Нина Мухинанын айтымында, аталган жобо БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2000-жылы кабыл алган резолюциясынын 116-пунктунда бир мамлекет экинчи бир өлкөнүн шайлооиштерине кийлигишпейт дегенине таянып, киргизилген. Парламенттик угууда айтылган сунуштар топтолуп, депутаттардын кароосуна жөнөтүлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG