Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:18

ОРУСИЯДАГЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ


Нарын АЙЫП, Прага 7-декабрда Орусияда парламенттик шайлоо өткөрүлүп, Федералдык жыйындын төмөнкү палатасы - Мамлекеттик думанын жаңы курамы аныкталат.

Мамлекеттик думадагы көпчүлүк орундар кимге тийери алдын ала белгилүү - шайлоодо "Бирдиктүү Россия" аттуу партия утат, анткени аны эч бир партияга мүчө болбогон президент да ачык колдоого алууда. Партиянын тең-төрагалары - министрлер Борис Грызлов менен Сергей Шойгу - өкмөттүк мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, эбегейсиз шайлоо өнөктүгүн өткөрүүдө, бирок Грызлов менен Шойгу өздөрү Думага депутат болуп кирбей тургандай - алар шайлоодогу утушту камсыз кылып, кийин парламентке өз кишилерин отургузуп, кайрадан министрлик кызматтарына кайтат. Андан тышкары, алар шайлоо алдындагы теледебаттардан да баш тартып, аны куру сөз деп атады. Мындай шайлоо өнөктүгү дүйнөнүн бир да башка өлкөсүндө болбосо керек.

Партиянын сыналгы аркылуу көрсөтүлүп жаткан жарнамасында: "Президент менен кошо 'Бирдиктүү Россияга' добуш бергиле!" деп айтылат, бирок шайлоо комиссиясы дагы, соттор да аны мыйзам бузуу деп эсептебейт. "Президент менен кошо" деген сөздөр аркылуу партия - аны президент Владимир Путин колдогонун билдирүүдө, бирок кандайдыр бир сот иши чыкса, аны далилдөө мүмкүн эмес. Маскөөлүк "Новое время" журналы жазгандай, ошол эле принципке таянып, "Яблоко" партиясы: "Ар бир орус алманы жакшы көрөт" деген жарнама жазып чыкса, аны бир да сыналгы же гезит чыгарбайт болчу.

Маселе - эл дагы, саясий партиялар дагы мындай шарттарга көнгөнүндө, анткени көнбөгөнгө айла жок: азыр Орусияда катуу тартип орноп, бир адамдын бийлиги өмүр сүрүүдө. Атактуу америкалык саясат таанучу Стивен Коэндин айтымында, 1993-жылдагы парламенттин танктар менен аткыланганынан кийин Орусияда демократия тууралуу сөз кылуу да мүмкүн эмес.

"Бирдиктүү Россиянын" жетекчилери азыр социалдык проблемалар тууралуу көп айтып, айлыктар менен пенсияны көбөйтүп, карапайым калктын маселелерин иш жүзүндө чече турганын белгилөөдө. Мурда мындай маселелер негизинен коммунисттер тарабынан көтөрүлчү, азыр болсо мамлекеттик маалымат каражаттары коммунисттердин арасынан да олигархтарды таап, Компартияны баш көтөргүс кылып салды.

Карапайым калк олигархтарды башынан тартып жек көргөнү белгилүү, ошондуктан октябр айында ЮКОС компаниясынын башчысы Михаил Ходорковскийдин камалганы да "Бирдиктүү Россиянын" пайдасына иштөөдө. Шайлоого байкоочу боло турган Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун өкүлү Роберт Бэрринин айтымында, олигархтарга карата мамиле Орусиядагы шайлоонун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири: "Азыркы шайлоо өнөктүгү ар түрдүү маселелер кеңири талкууланган өнөктүк эмес. Бул өнөктүк ар башка саясатчылардын жана өзгөчө бийликтин өкүлү катары чыгып жаткан 'Бирдиктүү Россиянын' өнөктүгү. Менин оюмча, негизги маселелердин бири олигархтар жана Ходорковский менен, аларга карата эл арасындагы мамиле менен байланыштуу".

Акыркы мезгилде орус бийлиги күчтүү мамлекет түзүү саясатын жүргүзүүдө жана олигархтарга каршы күрөш ошол саясаттын ажырагыс бөлүгү. Ходорковскийдин камалышын Орусиядагы ар башка саясатчылар ар башка чечмелөөдө, кээ бирлердин пикиринде, олигарх саясатка кийлигише баштагандыктан жазаланды, башкалардын айтымында болсо, ал бир нече оппозициялык партияга акча берген. Америкалык профессор Стивен Коэндин айтымында болсо, Ходорковскийдин камалганы - ал өз компаниясынын акцияларынын 40 пайызын Батышка сатууга даярданып жатканы менен байланыштуу, анткени аны менен олигарх орус бийлигинин көзөмөлүнөн чыгып кетмек.

Мыйзамдуубу, мыйзамсызбы, мындай аракеттер орус элинин кеңири катмарына өтө жагат жана орус бийлиги азыр эбегейсиз элдик колдоого ээ.
XS
SM
MD
LG