Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

Таласта төөбурчак баасын талкуулаган жыйын өттү


ТАЛАС. Жыйынга №44-Карабуура шайлоо округунан Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Шерниязов, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алымбай Султанов, ошондой эле "Робин" фирмасынын кылмыш аракеттерин иликтеп жаткан парламенттик комиссиянын эксперттери, облус губернатору Искендер Айдаралиев жетектеген облустук жетекчилери катышты. Жазуучу Элүүбай Отунчиевдин төрагалыгы астында өткөн жыйында алгач Карабуура, Бакайата райондорунан келген элдин өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Облус губернаторунун орунбасары Канат Нартаев "Робин" фирмасынан башка фирмаларды Таласка тартуу боюнча Түркияга жасаган иш сапардын жыйынтыктарын айтып берди. Эл депутаттары Шерниязов, Султанов губернатор менен бирдикте Кыргыз өкмөтүнө талап коюп мамлекеттик резервге 10 миң тонна төөбурчакты жогорулатылган баада кабыл алууга токтом чыгарттырышканын маалымдашты. Жыйында өлкө президентине жана Жогорку Кеңештин эки палатасынын депутаттарына сегиз талаптан турган кайрылуу кабыл алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG