Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:16

ОН ЭКИ ЖЫЛДЫК АЙБАНАТ АЙЛАМПАСЫ


Жылдарды айбанаттардын аты менен атоо баарыбызга маалым эмеспи, бирок мындай жөрөлгөнү кайсыл эл баштагандыгын эч ким деле биле бербесе керек. Он эки жылдык айбанат айлампасы Борбордук жана Чыгыш Азия элдеринде кеңири колдонулуп, бу чөлкөмдүн калктарынын жыл саноо салтында окшоштуктар арбын. Адистердин аныктоосуна ылайык он эки жылдык айбанат айлампасы: батыш жана чыгыш бутактарга бөлүнөт.

Батыш бутакка жалпы жонунан түрк тилдүү калктар кирип, анын географиялык алкагы Борбордук Азиядан Кичи Азияга чейин тарайт.

Чыгыш бутак болсо кытай-монголдук деп аталып, алар 12 менен кошо 60тык айлампаны колдонушат. Мындай жыл саноо ыкманы кытай, монгол, жапон жана тибет калктары пайдаланышып, анын түрк тилдүү калктардын жыл эсебинен кескин айырмачылыктары бар. Анын негизгиси, 60 сандык айлампа жылды эле эмес, убакытты эсептөөгө ыңгайлаштырылган. Анткен менен кийинки кезде түрк тилдүү калктар тагдырдын астрологиялык төлгөсүн пайдаланууда кытайлык гороскопту тандап алышаары жаңылык эмес. Мунун бир себеби, кытай жана жапон калктары он эки жылдык айбанат айлампасынын гороскобун жогорку билим жана рухий маалымат ташыган деңгээлге жеткирип эле тим болбостон, аны кызылдай киреше таба турган булакка айландырышты.

Илимпоздордун изилдөөлөрүнө ылайык он эки жылдык айбанат айлампасын түрк тилдүү калктар ойлоп чыгышкан. Бирок жазма маданият деңгээли менен билимди жайылтуу көрөңгөсүнүн жоктугунан, алар мөрөйдү башкаларга алдырып жиберишип, бөлөктөр таңуулаган оюн ыкмасына көнүп отурушат.

Адегенде түрк тилдүү калктарга тиешелүү 12 жылдык айлампа туурасындагы жазма булак маалыматтарын талдап көрсөк. VIII к. тургузулган Орхон эстеликтеринен байыркы түрктөр жыл саноону айбанаттардын аталышы менен жүргүзгөндүгү билинет. Анткен менен түрктөрдүн руникалык жазууларында 6 айбанаттын аталыштары гана айтылып, анын бири маньчжур элдери колдонгон "улгянь" термини менен мааниси жагынан жакындашып "лазгын" деп жазылган.

Кытай жазма булагы "Тан шунун" маалыматына караганда, кыргыздар жыл санакты 12 айбанаттын аттары менен жүргүзүшкөн. Эгер жыл инь белгисине туш келсе, аны алар жолборс жыл деп санашкан.

12 жылдык айлампа жөнүндөгү биринчи уламышты XI к. аалымы Махмуд Кашгари жазып кеткен. Анын айтымында, "бир хан мындан аркы жыл саноодо жаңылыштык кетпесин деп элине жылды 12 айбанат айлампасы менен, ал эми айларды зодиак белгилерине карап атоону сунуш кылган. Калк түгөл аң улоого чыгып, хан жапайы айбанаттарды улуу дарыя Илиге камоого буйрук берет. Дарыяны адеп кечкен чычкан болгондуктан, хан жыл башын "чычкан" деп атайт.

Махмуд Кашгаринин уламышына кыргыздардын жыл саноо туурасындагы жомогу окшошуп кетет. Кыргыз карыяларынын айтымында, жыл иретине кирмек үчүн айбанаттар түгөл аракет көрүшөт. Талап боюнча кимде-ким күндүн чыгышын күтүп, шооласын биринчи көрсө жыл санакты баштамак болот. Чычкан айбанаттар арасынан теректей узун төөнү көргөндө заманасы куурулуп, акыры айла таап төөнүн башына чыгып, күн шооласын биринчи көрүп, жинденген төөдөн кутулуш үчүн күлгө кире качкан. Ошентип жылды чычкан башталып, ал айлампага кирбей калган төө бүгүнкү күнгө чейин чычканга каарданып, ага бирди көрсөтмөк үчүн күлгө оонап келет, деп айтылат кыргыз жомогунда.

Илимпоздордун пикирине ылайык 12 жылдык айбанат айлампасын башында ойлоп тапкан, кийин аны турмуштук колдонууга киргизген Борбордук Азиянын түрк тилдүү калктары болгон. Мында жашаган калктар байыртадан жан-жаныбарлар менен жанаша жашап, турмуш-тиричилиги малчылык менен өткөндүгү маалым. Түрк тилдүү калктар башынан айбанаттарды өз тотеми деп туу тутушуп, тагдырын аны менен байланыштырган фактылар жашоодо арбын кездешет.

Илим адамдары бүгүнкү күнгө чейин 12 жылдык айлампаны кайсыл калк ойлоп чыккан деп талашып келишет. Бул проблема боюнча Э.Шаванндын пикирине ылайык 12 жылдык айбанат айлампасын адегенде, түрк тилдүү калктар ойлоп чыгышып, кийин аны кытайлыктар өздөштүрүшүп, андан Нил аркылуу Алдыңкы Азияга тараган.

Ал эми айтылуу окумуштуу Абел Ремюза болсо 12 жылдык айбанат айлампасын кыргыздар ойлоп тапкан деп эсептейт. Анын пикири боюнча, мындай айлампа туурасындагы так маалымат биринчи ирет кыргыздар колдонгондугун кытай авторлору жазып кеткен.

Балким, Абел Ремюза айткан ойдун акыйкат жактары арбын болушу мүмкүн. Жазма булак маалыматтары кабарлагандай, түрк тилдүү калктар арасынан 12 жылдык айбанат айлампасын кыргыздар биринчилерден болуп колдонгон. Бүгүнкү күнгө чейин айтылып жүргөн айбанаттардын жыл иретине кириши туурасындагы уламыш да байыркы түрк жомогуна окшошуп, 12 жылдык айбанат айлампасын кыргыздар ойлоп тапканбы деген ойду бекемдейт.
XS
SM
MD
LG