Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

АМЕРИКАЛЫК БАСМА ҮЙҮНӨН АЙРЫМ ГЕЗИТТЕР БАШ ТАРТТЫ. ЭМНЕ ҮЧҮН?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда 14-ноябрда ачылган эркин басма үйүнүн иштей баштаганына бир ай боло электе эркин гезиттерде ага карата нааразычылыктар пайда болууда. Кыргызстандагы эркин гезиттердин эң абройлууларынын айрымдары бул басмакананын кызматынан баш тартты. «Массалык маалымат каражаттарын колдоо» борборундагы кызматтын кымбаттыгы жана сапаттын начардыгынан улам ушундай бүтүмгө келүүгө мажбурбуз дешет алар.

Эркин басма үйүнүн келишин Кыргызстандагы гезиттер чыдамсыздык менен күткөн эле. Ал ишке киргенден кийин «Учкун» мамлекеттик басма үйүнө көз каранды болбой, анын үстөмдүк саясатынан кутулабыз деген пикирлер болгон. АКШ мамлекеттик департаментинин да көксөгөнү бул басма үйдү ачуу менен Кыргызстандагы сөз эркиндигинин кеңири кулач жайышына салым кошуу экени айтылган. Ошол эле учурда өзүнө чоң атаандаш пайда болуп атканын түшүнгөн «Учкун» басма үйү кардарларынан айрылып калбаш үчүн алдын-ала чараларды ойлонуштура баштаган. “Учкундун” президенти Каныбек Иманалиев гезиттерди басуунун баасын 20% арзандатуу тууралуу ойлонуп атканын билдирген эле. Соңку жума ичинде «Дело№» гезити менен «Агым» гезити жаңы ачылган америкалык көз карандысыз басма үйүндө басылуудан баш тартты. Бир жума мурда «Дело№» гезити жаңы басмаканадан бир санын түстүү кылып бастырган. Бирок, редактор Виктор Запольскийдин айтымында, ортодо келишим түзүлгөн эмес жана жыйынтыгында алар күткөндөн бир кыйла кымбат төлөөгө мажбур болушкан.

Виктор Запольский:
- Аягында бизге эсептеп беришсе эле “Учкундан” бир жарым эсеге кымбат экен. Мени баарынан да булардын ишке кылган мамилеси таң калтырат. Эч кандай ортодо келишим түзүлбөгөнү аз келгенсип, кызмат акысына канча аларын алдын- ала билүү мүмкүн эмес. Андай болсо массалык маалымат каражаттарын колдоо борбору эмес эле коммерциялык уюм болуп, бул жерге акча тапканы келдик деп ачык айтышсын. Анан бул басмакананын сапаты да биз күткөндөй деңгээлде эмес.

Ал эми «Агым» гезити болсо соңку санында бул басмакана алардын чөнтөгүнө чак келбестигин айтып чыкты. «Агымдын» редактору Эрнис Асек уулунун пикиринде кымбаттыгынан мурда сапаты деле купулга толбойт.

Эрнис Асек уулу:
- Албетте, биз «Учкун» басмаканасынан арзаныраак жана жаркырап абдан сапаттуу чыгат деп ойлогонбуз. Бирок, андай болгон жок. Биринчиден, “Учкундан” эки эсе кымбат экен. Экинчиден, кичинекей эле бир жалгыз станок турат. Эгер ал бузулса же дагы бир проблемалар болуп калса эмне гезит чыкпай калабы? Анын үстүнө Швециядан алынып келинген бул жабдуу жапжаңы эмес, мурда колдонулган экен. Акыр түпсүз суроолор жана күтүлгөн опурталдуу учурлар болуп атат.

Ал эми “Агымдын” баяндамачысы Түгөлбай Казаков бул басма үйү өзүнүн баштапкы мүдөөлөрүн эстен чыгарып саясатташып кетти деген оюн ортого салат. Анын айтымында, тээ башында эле басмакананын паспортун көргөзбөй, баалары кандай болорун болжолдуу да айтып берүүдөн баш тарткандарында мандем бар болчу. Казаков мырзанын пикиринде бул басмакана саясатташып алып, өзүнүн сөз эркиндиги үчүн жана гезиттерди ар тараптан колдоо үчүн келген максатын турмушка анча ашыра албай турат.

Учурда эл аралык көз карандысыз басма үйүндө онго жетпеген басылмалар жарык көрүүдө. «Массалык маалымат каражаттарын колдоо» борборунун башкы директору Рамил Зиянгараевдин айтымында, 30га жакын гезит иштешүү тилегин билдиришкен. Р.Зиянгараев: « Маалымдоо каражаттарын колдоо борбору десе эле эркин гезиттер таптакыр апарзан керек болсо керек, бекер басат деген жаңылыш пикирлери болсо андан баш тарткандары оң», дейт. Жаңы басманын баалары кыргызстандык гезиттердин чөнтөгүнө чак, болгону каражаты ченелүүлөр түстүү эмес, көнүп алган кош түс менен эле чыкканы оң.

Долбоордун жетекчиси америкалык Майк Стоунга кайрылганыбызда америкалык басма үйүнө карата айтылып аткан нааразчылыктарды анча түшүнө албай турганын билдирди. Анын пикиринде, басма үйү сунуштап аткан баалар анчейин кымбат эмес, жергиликтүү басылмалардын капчыгына чак келет. Бүгүнкү күндө көз карандысыз басма үйүнөн түстүү “МСН”, “Лица”, “Республика” жана башка бир нече гезит чыгып атат. “Республика” гезитинин редактору Замира Сыдыкова бул басмаканаын баасы өйдөрөк экенине макул. Башында гана бир аз кыйынчылыктар болуп атканын, бара–бара баары ордуна келерин айтып, кесиптештерин АКШдан суранып атып алдырган басмаканадан баш тартпоого чакырды.

Замира Сыдыкова
- Биз Америкадан жардам бергиле, мамлекеттик басмакана эркин гезиттерге бут тосуп атат деп атып, “Учкунду” улам жамандап атып, ушул басма үйдү сурап алганбыз. Анан аягында минтип аны менен кызматташуудан баш тартканыбыз болбойт. Жаңы башталганда ар бир нерседе кыйынчылыктар, түшүнбөстүктөр болот. Менимче бара-бара баасы да арзандайт.

Бара- бара бул көз карандысыз басмаканада чыккан гезиттердин саны көбөйсө, алардын нускасы өссө, акысы да арзандарын айтат басмаканынан директору Рамил Зиянгараев. Бирок анүчүн көнүп алган “Учкундан” көп гезиттер баш тартышы керек. «Учкундан» басылгандын ыңгайлуу жактары айрым гезиттерди кармап турат. Мисалы, «Кыргызпочтасы» мамлекеттик басмаканадан гезиттерди өзү алып кетсе, ал эми эркин басма үйүнөн чыккан гезиттер өздөрү ташууга мажбур. Ал эми «Учкун» өкмөттүк эмес гезиттерден акчаны алдын-ала төгүүнү талап кылса, америкалык басмакана гезит сатылгандан кийин эсептешкенге мүмкүнчүлүк берет. Акыры эркин гезиттер эки жыл зарыгып күткөн басмакана үмүттү актадыбы азырынча айтыш кыйын болуп турат.
XS
SM
MD
LG