Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:05

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ САЯСАТЫ ИЧКИ САЯСАТЫНА КАРАГАНДА АЛДЫГА КЕТТИ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстандын тышкы саясатын көпчүлүк инсандар колдоого алып келет. Бирок айрым саясатчылар бир эле убакта Кыргызстандын Кытай, Орусия, АКШ менен болгон кош саясатына кооптонуу менен карашат. Анткени КМШ өлкөлөрүнүн ичинен жалгыз гана Кыргызстан Орусиянын, АКШнын аскер аба күчтөрүн өз жеринде жайгаштырып келген жападан-жалгыз мамлекет. Ошол эле учурда кошуна Кытайдын да көңүлүн таап, алар менен да жакшы мамиледе болгусу келет. Бирок, үч ири державанын атаандаштыгы күчөп отурса, Кыргызстан талаш-тартыштын чордонуна айланбайбы деген чоочулоо да жок эмес.

Кыргыз бийлиги ар убак жогорудагы үч ири дөөлөт менен бирдей мамиле түзүү Кыргызстан үчүн пайдалуу болуп, анын жыргалын жалпы эл көрүп жатканын айтып келет. Аны мамлекет башчысы Аскар Акаев да өз сөздөрүндө бир нече жолу бышыктаган.

- Азыркы учурда биздин эл аралык саясатыбызда россиялык, кытайлык жана америкалык багыттардын тогошуп турганы өлкөбүз үчүн тышкы саясатта кубаттуу пайдубал курууга, өзгөргөн дүйнөдөгү Кыргызстандын абалын чыңдоого эң жакшы шарт түзүүдө, - дейт А.Акаев.

Бирок, айрым саясатчылар мамлекет башчысынын мындай пикири менен макул эмес. Өлкөдөгү таасирдүү партиялардын бири Коммунисттер Кыргызстандын бир гана Орусия менен жакшы мамиледе болушун каалашат. Ал эми айрым эксперттер сырткы күчтөрдүн таасири күчөп кетсе, Кыргызстан Грузиянын кейпин кийип калат деп кооптонушат. Ошондой коркунучтун бардыгын «Алга Кыргызстан» партиясынын саясый эксперти Карыбек Байбосунов да бышыктайт:

- Баары бир сырткы күчтөр бизге да таасир тийгизет. Борбор Азияны кандай «балкандаштырабыз», кандай жол менен Борбор Азияда башка адамдарды бийликке алып келүү боюнча дүйнөдөгү дөө-шаалардын сценарийлерин билебиз.

Мындай пикирди кармангандардын көпчүлүгү Грузиядагы баркыт төңкөрүшү сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү менен болгонун, андыктан Кыргызстандын келечек тагдыры да Орусиянын же Американын таасирине жараша аныкталат деп эсептешет. Учурда Кыргызстандын тышкы саясатын аныктаган бийлик өкүлдөрү «үч держава менен бирдей мамиле түзүп, алардын жардамы менен өлкөгө сырттан болуучу коркунучту ооздуктоого жетишебиз» деген пикирди көп кеп кылышат. Анткени менен үч дөөлөттүн ортосундагы тымызын атаандаштык акыры барып саясый кырдаалдын курчушуна алып келбес бекен деп кооптонгон пикирлер да жок эмес. «Адилеттүүлүк жана акыйкаттык» үчүн партиясынын лидери, өлкөнүн мурдагы Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев Кыргызстан келечекте мына ошондой атаандаштыктын курмандыгына кабылбасы үчүн тышкы саясатында өтө этият болуу керек дейт:

- Барыбыз эле түшүнүп атабыз, Кытай, Орусия, Америка болгон үч өлкөнүн ортосунда жалпы бир маселе турат, бул эл аралык терроризм менен күрөшүү. Бирок бул мамиленин дагы башка төрт-беш кабаттары бар. Ошол кабаттарда албетте өзүңөр түшүнгөндөй үч өлкөнүн ортосундагы мамиледе да анча-мынча чырдашууга окшогондой нерсе бар да. Бири-бири менен атаандашып турат. Албетте, Орто Азияда кимдин таасири күчтүүрөк болот, ким өзүнүн кызыкчылыгын ушул жерде коргой алат, ким Орто Азия өкмөттөрүн өзүнө тартат деген бир чоң маселе бар. Негизги түпкүлүктүү нерсе Кыргызстан конкреттүү кандай иш чараларды көрөт? Өзүнүн кызыкчылыгын кандай коргойт? Ошол өзүнүн кызыкчылыгын кандай түртүп, кандай жүргүзүп, кандай пайда табат?- деген маселеде турат кептин баары.

Албетте, кыргыз бийлиги бул үч дөөлөт менен жакындан мамиле түзүүдө ар кандай кызыкчылыктарын кошо түртүп келгени айрым маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка маалым. Андан кабардар болгон эл жеке кызыкчылыктан мамлекеттин кызыкчылыгы ар дайым алдыда турса деген тилекте болуп, өлкөнүн тынчтыгына, алдыга карай өнүгүүсүнө үмүт байлайт.
XS
SM
MD
LG