Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

ПРЕЗИДЕНТТИН АКШГА ЖУМУШ САПАРЫ СОҢУНА ЧЫКТЫ


Президент Аскар Акаевдин АКШга сапары соңуна чыгып, Кыргызстанга кайтты. Сапарынын акырында кыргыз президенти Американын Монтана штатында болду. Бул тууралуу Айданбек Акмат уулу кененирээк маалымдайт.

Президент Аскар Акаевдин 1-декабрда башталган Америка Кошмо Штаттарына сапарынын аяктагандыгы тууралуу президенттин басма сөз кызматынын башчысы Досалы Эсеналиев кечээ күнү кабарлады: «Бүгүн кыргыз президенти Аскар Акаевдин АКШга сапары аяктады, 5-декабрда делегация Бишкекке кайтып келет», - дейт Досалы Эсеналиев. Маалыматка караганда, президент АКШ сапарынын аягында Монтана штатында болуп, штаттын губернатору Жуди Мартц менен жолугушту. Жолугушуунун соңунда эки тарап өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду. Ал меморандум Кыргызстан менен Монтана штатынын соода-экономикалык кызматташуусуна өбөлгө түзмөкчү. Президент Аскар Акаев Монтана штатына чейин Нью-Йорк шаарында болуп, бир катар расмий иш-чараларга катышкан эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG