Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:24

Иракта Саддамдын тарапкерлери баш көтөрүүдө


Бүгүн Багдаддан 160 чакырым батыштагы Рамади шаарчасынын полицайканасына чабуул жасалды. Ирак полициясынын майору Самир Хабибдин билдиришинче, эрегишчилер аткан 2 ракета полицайканага тийип, эки полицай жана төрт адам жарадар болгон.
АКШлык черүү акыркы 24 саатта Рамадинин чет жакаларында “душмандын” бир адамын өлтүрүп, 63 адамды камакка алганын америкалык аскерий жетекчилик маалымдады.
Рамади Иракты Иордания менен туташтырган кан жолдо жайгашкан.
Ырасмий Тегеран АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтондун Ирандын өзөктүк программасы өтө коркунучтуу деп айтуусун “орой” жана “дипломаттык эрежеге сыйбаган” сөз деп атады.
Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн бул сөзүн өкмөттүк ИРНА агенттиги маалымдады.
Болтон кечээ АКШ дале Иран жашыруун түрдө өзөктүк куралдарын өнүктүрүүсүн токтотпойт деген ишеничте, ошон үчүн Вашингтон Иранга өзөктүк жана ракеталык технологияны бердирбөө аракетин токтотпойт деген эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG