Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

АКШнын коргоо министри Д. Рамсфельд Ооганстанга тийип кайтты


АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд Ооганстандын түндүгүндөгү фракцияларынын оор аскерий техникасын тапшыра баштаганын “өлкө үчүн маанилүү кадам” деп баалады. Ал билдирүүнү убактылуу оогон өкмөтүнүн башчысы Хамид Карзай катышкан Кабулдагы пресс-конференцияда жасады.
Рамсфельд бүгүн оболу түндүктөгү Мазари-Шариф шаарына барып, лашкер башчылар Абдул Рашид Достум жана Атта Мохаммед менен аларга баш ийген күчтөрдү куралсызданыруу маселесин сүйлөшкөн.
Рамсфельд жана Карзай келерки июнда Ооганстанда өткөрүлчү президенттик шайлоого даярдыкты, өлкөнү реформалоонун жүрүшүн жана куралдуу топторду куралсыздандыруу маселесин талкуулашты.
Рамсфельддын сапары учурунда, АКШнын Кабулдагы элчиканасынын жанында жардыруу болду деп билдирет маалымат агенттиктери.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG