Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:50

Баян Жумакадыр кызы, Прага АКШнын Коргоо министри Дональд Рамсфелд 4-декабрде Ооганстанда бир күндүк визит менен болду. Визиттин жүрүшүндө ал Кабулда президент Хамид Карзай менен жолугуп, өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу, наркоаткесчиликке каршы күрөшүү маселелерин талкуулады. Андан мурдараак болсо Рамсфельд өлкөнүн түндүгүндөгү Мазар-и –Шарифте Ооганстандын эки атаандаш кол башчысы Рашид Достум жана Атта Мухамед менен сүйлөшүп, эки тарапты тең куралсызданууга чакырды.

Америкалык министр визитин Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-и- Шариф шаарынан баштап, АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Халилзаттын коштоосунда Британиянын жарым аскери курулуш топторунун командирлери менен жолугушту. Сөз болуп жаткан жарым аскери курулуш топтору өлкөнүн чарбасын калыбына келтирүү менен бирге, провинцияларда коопсуздукту кепилдешет деп божомолдонгон. Бирок Ооганстанда иштеп жаткан эл аралык агенттиктер курулуш топтору ондогон солдаттан эле куралгандыктан, региондо тынчтыкты кепилдей албай жатышканын сындашууда.

Мазар-и-Шарифте Рамсфельд жергиликтүү ооган командирлери улуту өзбек генерал Рашид Достум жана тажик улутундагы кол башчы Атта Мухамед менен өз-өзүнчө жолугушуп, куралсыздануу маселесин талкуулады. Рамсфелд бул эки касташ командирди куралсызданууга жана өз аскерлерин бириктирип, Ооганстандын Улуттук армиясына кошууга үндөдү. Сүйлөшүүдөн соң жасаган билдирүүсүндө Рамсфельд эки кол башчы тең анын чакырыгына оң жооп кайтарышканын айтып, мындай деди:

- Кезинде куралсыздануу программасына макул болушканын экөө тең мойундарына алып, биздин сунушубузга оң жооп беришти.

Рашид Достум менен Атта Мухамеддин аскерлерлери ушул күнгө чейин маал-маалы менен кандуу салгылашууларды жүргүзүп келатышат. Андан карапайым эл катуу жабыркап, курман болгондордун саны арбып барат. Атта Мухамед менен бак талашып келаткан генерал Рашид Достум өз аскерлерин куралсыздандырууну түрдүү шылтоолор менен кечеңтетүүдө. Ооган коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Достумдун аскерлери ооган коопсуздук күчтөрүнө болгону 3 танкын өткөрүп берген. Анын атаандашы Атта Мухамед болсо 50 дөн ашык танк менен бронетраспортерлорун өткөрүп бергендиги кабарланат. Достум менен Мухамед экөө тең өлкөнүн коргоо мекемесинде жооптуу кызматтарды ээлешет.

Мазари-и-Шарифтен Кабулга учуп барган Рамсфелд баш калаадан өлкөнүн президенти Хамид Карзай жана НАТО баштаган эл аралык бейпилдик күчтөрдүн командачылары менен жолугушту. Рамсфелд менен Карзай ооган борбордук өкмөтүнүн жер-жерлердеги таасирин күчөтүү, өлкөнүн атаандаш топторун курасыздандырып, өлкөдө коопсуздукту орнотуу, наркоаткесчиликке каршы күрөшүү, өлкөдө маң өсүмдүктөрүн өстүрүүнү токтотуу маселелерин козгошту.

Коопсуздукту камсыз кылуу Ооганстанда эң маанилүү проблемалардын бири болуп кала берүүдө. Ушул жумада НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин Брүссел шаарында өткөн жыйынында Рамсфельд Ооганстанда жайгаштырган бейпилдик күчтөрдү кеңейтүү маселесине токтолуп, тийешелүү техникалык шарттардын жоктугунан Кабулда кызмат өтөп жаткан 5 700 солдат бейпилдик миссиясын Ооганстандын провинцияларына жайылта албай жатканын билдирген. Кабулга жасаган визитинин учурунда Рамсфелд өлкөдө коопсуздукту орнотуу үчүн НАТОнун ролун жогорулатуу пландаштырылып жаткандыгын мындайча белгиледи:

- Натонун жоопкерчилик чөйрөсүн кеңейтип, ага провинцияларда иштеп жаткан курулуш топторуна баш-көз болуу вазыйпасын жүктөөнү ойлонуштуруп жатабыз. Коалициялык күчтөрдүн аракеттеринин алкагында да Натонун ролу жогорулатылышы мүмкүн.

Ооган президенти менен жолугушуу учурунда Рамсфельд, ошондой эле, төртүнчү июнда боло турган жалпы шайлоого камылга көрүү аракеттерин жана өлкөнүн бийлик мекемелеринин ишин жолго койуунун жүрүшүн талкуулады. Ооганстандын коргоо тармагына токтолуп, Рамсфельд анда жасалган иштерге оң баа берип, мындай деди:

- Өлкөнүн коргоо министри Фахим Хан менен жолугуп, коргоо министрлигиндеги реформаны сүйлөштүк. Мен акыркы жолу келип кеткенден бери мында олуттуу жылыштар болуптур.

Рамсфелддин Ооганстандагы визити 4-декабрде соңуна чыкты.
XS
SM
MD
LG