Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

Нарын АЙЫП, Прага http://gdb.rferl.org/0453D6C9-02B9-47CC-9643-C0E1A86E940B_w203.gif Акыркы эки-үч жылда НАТО уюму тарыхындагы эң терең кризиске батты. Ооганстандын талиб жетекчилигин кулатуу аракеттерине уюм катышкан жок, андан соң Ирак согушун дагы АКШ өз алдынча баштап, бүтүрдү. НАТОнун өзүнүн ичинде дагы терең араздашуулар болуп, кээ бир өлкөлөр Европа Биримдигинин ичинде өз алдынча аскерий жетекчилик түзүлө турганын да айткан. Бирок абал акырындап оңолуп келаткан сыяктуу.

Декабрдын башында Брюссел шаарында НАТО уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин, андан соң тышкы иштер министрлеринин жыйындары болуп өттү. Аларда бир топ жаңы чечим кабыл алынды жана 4-декабрда АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл - келечекте НАТО Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштерине кеңири катышат деп жарыялады.

Анткен менен, уюмдун баш катчысы Жорж Робертсондун айтымында, азырынча ал тууралуу эч кандай так план жок: "НАТОнун Ирактагы аракеттерин азыркы деңгээлден өйдө көтөрүү боюнча азырынча эч кандай план же так сунуш жок. Бирок келечекте андай кылууга ыңгайлуу шарт түзүлсө, НАТОнун Ирактагы аракеттерин кеңейтүүгө эч кандай тоскоолдук болбойт".

Робертсондун айтмымында, маселе - келерки жылдын июнунда боло турган НАТОнун бийик жолугушуусунда талкууланат. Азырынча болсо уюм Ирактагы польшалык аскерлерге жардам көрсөтүүдө. Өлкөнүн аймагы үчкө бөлүнүп, алар азыр АКШ, Улуу Британия жана Польша тарабынан көзөмөлдөнөт. Польшанын жетекчилиги алдында куралган эл аралык күчтөргө АКШ менен Британиядан башка НАТО өлкөлөрүнүн аскерлери кирет, бирок Брюсселде кабыл алынган чечим боюнча, келерки жылы аларга болгон жетекчилик Польшадан Испанияга өтмөй болду.

НАТО уюму болсо азырынча өзүнүн Ооганстандагы аракеттерин кеңейтүүгө даярданууда. 2001-жылы АКШ чагылгандай чабуул жасап, өлкөнү беш жыл бою бийлеген талибдердин режимин жок кылгандан кийин, алгач ооган аймагына америкалык аскерлер көзөмөл салган. Кийин ал аракеттерге Батыш Европалык өлкөлөр да катышып, андан соң Кабул шаарына өз аскерлерин НАТО уюму да киргизген. Эми болсо НАТО - борбор калаа Кабулдан тышкары аймактарды да көзөмөлдөөгө даярданууда.

"USA Today" аттуу америкалык гезит 2-декабрда жазганга караганда, АКШ менен НАТО өздөрүнүн Ооганстандагы аракеттерин бириктирүүнү пландаштырууда. Өлкөдө азыр 10 миңге жакын америкалык жана беш миң жети жүз НАТОлук аскер бар. Уюмдун жетекчилиги алгач өлкөнүн алты провинциясында иштеген эл аралык донор уюмдардын аракеттерин коргоого алууга макул болду жана ал үчүн кошумча үч миңге жакын аскер керек. Робертсондун айтымында, алардын ишин камсыз кылуу үчүн, кайсы бир кошуна өлкөдө НАТОнун жаңы базасын ачууга туура келет жана уюм жетекчилиги азыр Кыргызстан менен Тажикстандын мүмкүнчүлүктөрүн караштырууда. Эгер бул пландар ишке ийгиликтүү ашса, анда келечекте Ооганстандагы абалды НАТО уюму толугу менен өз көзөмөлүнө алышы мүмкүн.

НАТОнун өзүндө дагы, уюм менен Европа Биримдиги ортосунда дагы акыркы мезгилде бир топ араздашуу болгондуктан, НАТОну Ирак менен Ооганстандагы аракеттерге тартуу иштерин АКШ өтө жай жана кылдаттык менен жүргүзүүдө. Уюмдун ичинде жогору мааниге ээ Алмания менен Франция Ирак согушуна ачык каршы чыккан жана эгер башынан тартып согушка НАТОну катыштыруу аракеттери көрүлгөндө, азыркыдан да терең кризис чыгып кетмек. Андан тышкары, Алмания, Белгия жана Франция үстүбүздөгү жылдын башында - Европа Биримдигинин ичинде өз алдынча аскерий жетекчилик түзүү демилгесин көтөрүп чыккан. Узак жана таатал сүйлөшүүлөрдөн кийин гана акыркы апталарда бул демилге акырындап сууй баштады. Анткен менен аталган үч өлкө НАТОнун Түркиядагы базаларын Ирак согушу үчүн пайдаланууга каршы чыгып, АКШнын Ирактагы аракеттерин бир кыйла чектеп салган.
XS
SM
MD
LG