Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

Айрым диний лидерлердин соңку билдирүүлөрү саясатчыларды кооптондурууда


Польшанын католик чиркөөсүнүн башчысы диний китеп дүкөндөрүндөгү антисемиттик, же жөөттөргө каршы басылмаларды сатыктан алып салуу жөнүндөгү кайрылууларды аткаруудан баш тартты. Польшалык кардинал Йозеф Глемп маселе мамлекеттин мыйзамдарына ылайык чечилиши керек деп гана кыскача жооп узатты. Өлкөдөгү интеллигенция өкүлдөрүнүн назарына илинген ал китептер польшалык улутчул жазуучулар тарабынан жазылган экен. Ал эми Грекиянын ортодоксалдык чиркөөсүнүн лидери түрктөрдү "наадандар" (варварлар) деп атап, мусулман өлкөсүнө Европа Биримдигине кошулууга жол берилбеши керек деп билдирди. Афиныдагы чиркөөдө өткөн "Биз чогуу жашай албайбыз" аттуу кайрылуусу маалында гректердин диний лидери "наадандар" христиандардын үй-бүлөсүнө кошула албайт деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG