Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

“БОЛОТ СОГУШУ” БОЛБОЙ КАЛДЫ


Кошмо Штаттары 2002-жылы мартта болот импортуна кошумча бажы салыктарын киргизген эле. Бейшемби күнү президент Жорж Буш үстөк тарифтерди алып салуу тууралуу чечим чыгарды. Байкоочулар Вашингтон өкмөтүн буга америкалыктарга каршы европалыктар жарыялаганы жаткан соода санкциясы аргасыз кылды дешет.

Президент Буштун билдирүүсүн анын басма сөз катчысы Скотт Маклеллан бейшемби күнкү пресс-конференцияда окуп берди. Америкалык металлургия өндүрүшүнө чет элдик импорт менен атаандашканга жана анын жүрүшүндө жумушчу орундарын сактап калганга мүмкүндүк берилет, деп айтылат президент Буштун билдирүүсүндө. Маклеллан ошондой эле жергиликтүү болот эритүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү коргоо үчүн кабыл алынган бул чаралар максатына жеткендигин, экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүн, ошондуктан кошумча салыктарды алып салуу зарылдыгы пайда болгондугун кошумчалады.

Америкалык өкмөттүн мурдагы пландары боюнча,болот импортунан отуз процентке чейин кошумча салык алуу тартиби 2005-жылдын мартына чейин күчүндө калышы керек эле. Учурунда бул чечим АКШга болот экспорттогон европалык,азиялык ондогон өлкөлөрдүн нааразылыгын пайда кылган. Алардын доо арызын териштирип,бүткүлдүйнөлүк соода уюму,анын аппеляциялык органы Вашингтон администрациясынын бир тараптуу кадамын эл аралык соода эрежелерине кайчы келет деп тапкан. Аталган бүтүмгө таянып,Евросоюз 16-декабрдан тартып америкалык бир катар товарларга чектөө салганы,контрсанкциялар- ды жарыялаганы жаткан эле.Эгер “соода согушу” башталса,мындан америкалыктар 2,2 миллиард доллар суммасында чыгым тартмак. Байкоочулар үстөк салык режимин мөөнөтүнөн мурда токтотконго президент Бушту европалыктардын дал ушул чечкиндүүлүгү аргасыз кылды дешет.Бирок АКШнын соода өкүлү Роберт Зеллик мындай ырастоолорду четке какты.

Кандай болгон күндө да европалыктарды бул кабар курсант кылды. Евросоюздун соода иштери боюнча комиссары Паскал Лами Вашингтондун чечимин европалык болот эритүүчүлөр менен металлургия өнөр жайы,жалпы эле эски материктин өзү үчүн куш кабар катары баалады. Евросоюз ошол эле күнү эмдиги аптада жарыялаганы жаткан экономикалык санкцияларын токтото тургандыгын ырастады. Япон өкмөтүнүн жооптуу өкүлү Ясио Фукуда да президент Буштун кадамын кубаттап,Кошмо Штаттары мындан ары дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин эш тутарына жана эл аралык эркин соода-сатыкты өнүктүрүүдө маанилүү рол ойной тургандыгына ишенич билдирди.

Америкалык металлургдар болсо Буштун чечимин кескин сынга алышты. Болот эритүүчүлөрдүн бириккен кесиптик кошуну Вашингтон администрациясы Европанын опузасынан алдастап,америкалык металлургдардын таламдарын сатып жиберди деп билдирди.

Айтмакчы,металлургдардын көбү алдыдагы президенттик шайлоодо маанилүү деп саналган бир катар штаттарда жашашат.

XS
SM
MD
LG