Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

Элдердин Достугу Университетинде болгон өрттөн каза тапкандардын саны 42 кишиге жетти


МОСКВА. Элдердин Достугу Университетинин жатаканасында болгон өрттөн каза тапкандардын саны 42 кишиге жетти. Өткөн түнү Склифовский атындагы институттун ооруканасында ооганстандык жигит күйүк жарааттарынан каза болду. Акыркы маалыматтар боюнча, Москванын ооруканаларында 24- ноябрдагы өрттөн жарадар болгон 117 киши кала берүүдө, алардын төртөөнүн абалы оор. Өрткө үй тиричилигинде колдонулуучу электр жабдууларынын бузуктугу себеп болгон деп божомолдонот. Университеттин мурдагы ректору Дмитрий Библинге "өрт коопсуздугунун эрежелерин бузган" деген күнөө койулууда.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG