Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Польшанын өкмөт башчысы Евросоюздун саммиттине катышат


ВАРШАВА. Польшанын өкмөт башчысы өткөн түнү болгон авиа кырсыктан жарадар болгонуна карабай, Евросоюздун келерки жумада боло турган саммиттине катыша турганын билдирди. МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак бузулганына байланыштуу Варшаванын жанына конууга мажбур болгон. Кырсыктан кыр аркасынан жараат алган өкмөт башчыга ооруканада бир нече күн өткөргөнгө туура келет. Тик учакта бараткан 11 кишинин баары тең жарадар болду. Жыйырма алты жылдан бери иштеп жаткан тик учак жакында армиядан өкмөткө өткөрүлүп берген болчу.

XS
SM
MD
LG