Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

Бүгүн Багдаддагы жардырууда 3 киши курман болду


БАГДАД. Бүгүн Багдаддагы жардырууда, бери дегенде, үч киши курман болуп, 13 киши жараат алды. Курман болгондордун бирөө- АКШнын солдаты, экөө- ирактык жарандар. Жардыруу ал-Самари мечитинен алыс эмес жол жээгинде, Американын аскердик техникасы өтүп бараткан чакта болгон. Жабыркагандардын көбү-жардыруунун капшабында калган автобустун жүргүнчүлөрү экендиги маалымдалат. Анын аралыгында, Багдадда жарым миңдей киши тынч жаткан элге каршы террорду токтотууну талап кылган нааразылык акциясын өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG