Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Президент Аскар Акаевдин АКШга болгон иш-сапары аяктады


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев баштаган кыргыз делегациясы АКШга болгон иш-сапарынан кайтып келди. 1-декабрда башталган иш-сапардын алкагында президент Аскар Акаев АКШнын Монтана штатынын губернатору Джуди Мартц баштаган ырасмий адамдар менен жолугушту. Монтана штаты менен Кыргызстандын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга кол коюлду. Меморандум Кыргызстан менен Монтана штатынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн документ катары бааланууда. Президенттин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси А. Ослунд менен жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстандын 10 ай ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жыйынтыктарды талкуулашты. Сапар учурунда президент Аскар Акаевге стратегиялык өнүгүүгө кошкон салымы үчүн Эл аралык стратегиялык иликтөө ассоциациясынын алтын медалы тапшырылды.

XS
SM
MD
LG