Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ҮГҮТКӨ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЧЕТ ӨЛКӨНҮН ММКаларын КАТЫШТЫРУУНУ КААЛАШПАЙТ?


Кыргызстандын бийлиги «чет мамлекеттердин маалымат каражаттары президенттик жана парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышалбайт» деген жобону Шайлоо кодексине киргизүүгө аракеттенүүдө. Бул маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн нааразылыгын жаратты.

«Шайлоо алдындагы үгүт иштерине чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары катышалбайт» деп «Шайлоо Кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун 30-беренесинде жазылган. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин айтымында, бул норма мамлекеттин көз карандысыздыгын сыйлоо максатында киргизилип жатат.

- Үгүт ишине катыша албайт дегенди мындай түшүнүү керек, - деп сөз баштады Сулайман Иманбаев, - Ар бир мамлекеттеги шайлоо ошол мамлекеттин ички саясий иши. Бир өлкөнүн бийлик органдарын түзүү ишине башка мамлекеттердин кийлигишүүгө акысы жок. Ал эми үгүт ишине чет мамлекеттин массалык маалымат каражаттары тигил же бул талапкерди, тигил же бул кызмат адамын колдоо же ага каршы үндөө менен катышса, бул – мамлекеттин ички ишине кийлигишүү болуп калат. Ошол эле учурда чет мамлекеттин массалык маалымат каражаттары шайлоо тууралуу маалымат берүүгө акысы болот.

Ушул аптада өткөн «Шайлоо алдындагы үгүт» аттуу парламенттик угууда «үгүт деп кандай маалыматты айталабыз» деген суроого жооп табылган эмес.
Кыргыз бийлигинин мындай аракети чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн нааразылыгын пайда кылды. Орусиянын «Интерфакс» маалымат агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн деректири Игорь Шестаков чет өлкөлүк ар бир массалык маалымат каражаты Кыргызстандагы шайлоолордун жүрүшү тууралуу жазбай калса, ал - ириде өлкөнүн эл аралык кадыр-баркына залалын тийгизет дейт:

- Шайлоону чагылдыруу –бул мамлекеттин ички саясаты эле эмес, тышкы саясатындагы урунтту учур. Бул - өлкөгө тышкы инвестициялардын келишине таасирин тийгизе турган олуттуу маселе. Эгер Кыргызстандын бийлик бутактарына кандай адамдар келгени тууралуу маалымат аз болсо, өлкө менен кызматташууга кызыкдар тарап эмнеге таянат? Анын үстүнө Кыргызстандагы шайлоого катышкан адам тууралуу, маселен, «Нью-Йорк таймс» гезити жазган материал өлкө ичиндеги шайлоочунун талапкерди тандоосуна эч кандай таасирин тийгизбейт. Алар негизги маалыматты жергиликтүү маалымат каражатынан алат. Баса белгилей кетүүчү дагы бир жагымсыз жагдай бар. Ал - шайлоо учурундагы соттошуулар. Чет өлкөлүк маалымат каражаты бир талапкер жөнүндө маалымат берсе ага каршы соттук дооматтар башталышы толук мүмкүн.

Ал эми «Дойче велне» радиосунун Кыргызстандагы кабарчысы Толкун Наматбаева депутаттардын туура чечим кабыл алышына үмүт артат:

- Азырынча бул өзгөртүү кабыл алына элек. Ошондуктан, депутаттар бул түзөтүүгө каршы болушат деген үмүттөмүн.

Толкун Наматбаеванын пикирин депутат Кабай Карабеков да минтип колдоого алды:

- Бул акылга сыйбаган көрүнүш. Муну «Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү» деп айтууга болбойт. Бул беренени жөн гана алып таштоо керек. Мен бул берене өтпөйт деген ойдомун. Эгер «Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү» дей турган болсок, анда Эл аралык валюта корунун, Европа банкынын жана бизге жардам берип жаткан бардык мамлекеттердин аракетин да «өлкөнүн ички ишине кийлигишүү» дейбизби?! Белгилей кетүүчү дагы бир жагдай бар: эгер президенттик шайлоо алдында президент чет мамлекетке бара турган болсо анын сапары тууралуу чет өлкөлүк басылмалар сөзсүз жазат. «Аны жазба» деп тыюу салууга эч кимдин укугу жок. Демек, ошол маалыматты жазган гезитти сотко берүү керекпи же президентке талапкерди жарыштан чыгаруу керекпи? - дейт депутат Кабай Карабеков.
XS
SM
MD
LG