Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

КАБЫРГАСЫ КАТАЛЕК БАЛДАРДЫН КАРА ЖУМУШКА САЛЫНЫШЫНА КИМ КҮНӨӨЛҮҮ: КООМБУ ЖЕ АТА-ЭНЕБИ?


Кыргызстан балдарды кара жумушка иштетүүгө тыюу салган Эларалык эмгек уюмунун конвенциясына кол койгон. Учурда Юстиция министрлигинин Балдар кодексин иштеп жатат. Эларалык эмгек уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда балдарды оор жумушка салуу көнүмүшкө айланган. Айрыкча республиканын түштүгүндө пахта, тамеки, шалы балдардын күчү менен өсөт. Бир гана Жалалабад облусунда орто эсеп менен 125 миң бала айыл-чарба жумушуна чегерилген.

5-декабрда Бишкекте балдардын укуктук проблемаларына арналган “тегерек үстөл” жыйыны өттү. Ага эларалык эмгек уюмдарынын, кесиптик бирикмелердин, Жогорку Кеңештин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйында кабыргасы каталек балдарды оор жумушка салуу маселеси талкууланды. Тамеки талаасында, шалы отоосунда, кызылча чабыгында, чөп жыйноодо, кымкуут базарларда таң заардан көз байланганга чейин балдар иштешет. Жыйында оор эмгек алардын болочогуна салакасын тийгизээри баса айтылды.

Кара жумуштун айынан балакатка жетелек балдардын көбү ооруулуу болуп калышат. 2010-жылга чейин ишке ашуусу болжолдонгон «Жаңы муун» программасынын жооптуу кызматкери Курманкул Жумалиев такталбаган маалыматка таянып, ушу тапта 10 миңден ашуун өспүрүм кароосуз калганын, үй-бүлөнүн оор түйшүгү 23 миңден ашуун өспүрүмдүн мойнуна түшкөнүн айтты.

- Социалдык паспортторго таянып алынган маалыматка караганда, 20 миңден ашуун бала мектепке барбайт. Балдар үйүндө багылып аткан өспүрүмдөрдүн 80% ашуунунун ата-энеси тирүү, - дейт Курманкул Жумалиев.

Анын айтымында, балдардын көйгөйү боюнча түзүлгөн комиссия кырдаалды жакшыртуу максатында стратегиялык планды иштеп чыгууда. Өкмөт тарабынан даярдалып жаткан Балдар кодекси кабыл алынып, иштей баштаса азыркы проблемалардын кыйласы чечилмек.

Эларалык эмгек уюмунун өкүлү Тор Моусен экономикалык жаңы мамилелерге өтүп аткан Кыргызстан үчүн балдарды оор жумушка салууга каршы туруу иши өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи:

- Кыргызстандын кесиптик бирикмелеринин маалыматы боюнча, балдар айыл чарбасы жана соода-сатык тармагында оор жумушта иштешет. Бул маселени чечүүнүн жолдору талкууга салынып жатышы жакшы жөрөлгө.

Кыргызстандын Эмгек жана социалдык коргоо министринин биринчи орунбасары Мурат Мамбеталиев балдарды оор жумушка салуунун салакасы оор.

- Биринчиден, балдар билимден куржалак калып, адеби-ыйманы өзгөрүүдө. Оор жумуш алардын болочокко болгон ишенимин жоготот. Ал аз келгенсип, бала кезинен эле оорулуу болуп калышат, - дейт Мурат Мамбеталиев.

Жумуш берүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Алыбек Кадыров маселенин башка өңүтүн белгиледи.

- Баланы дегеле иштетпей коюш мүмкүн эмес, - деди Алыбек Кадыров. - Базар шартында бала такыр иштебесин деген мыйзамды аткарыш өтө кыйын. Мисалы, зергерчилик, устачылык атадан балага өтөт. Баланын минтип атасына каралашканынан пайдадан башка зыян жок. Мыйзам жазгандар мына ушундай жагдайды да эске алып коюшса. «Иштин баарын жасабасын» деп жазып койгон менен ата-эне аны аткарбайт.

Ушул эле ойду парламент депутаты Карыпбек Алымкулов да улантты: - Балдар турмуштун айынан ата-энесине жардам бериши керек. Пахта терип, кызылча отоп, чөп чаап, эгин-тегин жыйнашка кол кабыш кылышы зарыл. Негизи, булар - оор жумуштар. Мыйзам башка балдарды эзип иштетүүгө, оор, узак жумушка пайдаланууга тыюу салышы керек.

«Tегерек үстөлдүн» катышуучулары биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда мамлекет билим берүү тармагына колдоо көрсөтүп, балдарды оор жумушка салбай, алардын сапаттуу билим алышына шарт түзүп бериши айтылган.

XS
SM
MD
LG