Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

ОРУСИЯ: ЭРТЕҢ МАМЛЕКЕТТИК ДУМАГА ШАЙЛОО ӨТКӨРҮЛӨТ


Аманбек Дилденбай, Прага шаары Орусия парламентинин төмөнкү палатасы - Мамлекеттик думага шайлоо жекшембиде - 7-декабрда өтөт. Айрым байкоочулар парламенттик шайлоодо өтө олуттуу саясий окуянын болушу күтүлбөйт, «кремлчил» партия шайлоочулардын көпчүлүк добушун алат деген пикирде.

Орусиянын парламенттик төмөнкү палатасы - Мамлекеттик Думага шайлоодо талапкерлер депутаттык 450 орунга ат салышат. Алардын жарымы партиялык тизме боюнча, калган жарымы-- бир мандаттык шайлоо чөлкөмдөрүнөн шайланмакчы. Байкоочулардын айтымында, Кремль жекшембидеги шайлоодо парламенттик көпчүлүк орунду өкмөтчүл партиянын жеңип алуусуна ынтызар.

Бул орчун саясий өнөктүк тууралуу парламенттик өнүгүү борборунун жетекчиси Андрей Захаров буларга токтолот:

- Алдыда болуучу парламенттик шайлоонун өзгөчөлүгү - ал анчейин маанилүү нерсе деле чечпейт. Бул өнөктүк - президенттин айтканын лам дебей аткарган пост-советтик мамлекеттик думанын тарыхындагы биринчи шайлоо. Дегиңкиси, келечектеги президент ким болоору азыр баардыгына маалым. Муну менен эмнени айтса болот? Бул - парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн катышуусу аз болот дегендик. Экинчиден, жаңы шайланган жаткан курам азыркы думанын эле кебетесин кийип, анын ишин кайталоочу парламенттик палата болот.

Ал эми айрым байкоочулар шайлоонун жыйынтыгы өлкө үчүн маанилүү деген пикирде. АКШнын Индиана университетинин профессору Генри Хейлдин айтымында, өкмөттү кубаттуу кол менен башкаруу - Владимир Путиндин ыкмасы.

- Көптөгөн нерселерди, социалдык карама каршылыктарды ийге келтирүүгө Путин эптүү. Путин 13%дык салык киргизүүдө ушундай жөндөмдүүлүгүн көргөздү.

Хейлдин баамында, ийкемдүү парламент Путин сунуш кылган айрым талаш туудурган мыйзамдарды да кабыл алган учурлар болгон.

Азыркы думада өкмөтчүл партияга 226дай орун таандык. Анын 145и өкмөтчүл “Бирдиктүү Орусия” партиясына тиешелүү.

Ал эми айрым байкоочулардын божомолунда, болочок депутаттык корпустун курамынын жарымынан көбүн “Бирдиктүү Орусия” партиясы ээлеп, 285тин тегерегиндеги депутаттык орунга жетиши мүмкүн, алардын ичинен 100дөйү бир мандаттык округдан болушу ыктымал.

Коммунисттер уюму парламенттеги экинчи ири партия болуп калышы ыктымал, бирок «зюгановчулар» азыркыдан кыйла аз мандат алып калышы ажеп эмес, - дешет айрым серепчилер. Алдын-ала эсептөө аракеттерине караганда, либерал-демократтар 5 пайыздык тосмодон өтө алат, ал эми СПС менен “Яблоко” Думадагы орундардан кол жууп калышы деле ажеп эмес.

Думанын көз карандысыз өкүлү Владимир Рыжковдун айтымында, оппозициялык фракциялардын шайлоодон өтпөй калышы Думаны алсыратып, парламентти аткаруу бийлигинин айтканынан чыкпас кылып коёт. Ошондуктан жекшембидеги ар бир добуш маанилүү, - дейт Рыжков:

– Мен - демократмын. Мен бир нерсени гана каалайм - Думада эч бир партия же фракциянын колунда 300 орундук пакет болбошу керек. Бул - Конституцияга кепилдик болот жана коомду бүлүндүрүүчү сценарийге жол бербейт.

Президент Владимир Путин Конституцияга эч кандай өзгөртүү киргизилбестигин буга чейин билдирген эле. Ал эми Рыжков мырзанын баамында, эгер өкмөтчүл партия парламентте басымдуу көпчүлүк орунга жетишсе, анда өлкө башчысы каалаган учурунда конституцияга оңой-олтоң эле өзгөртүү киргизиши мүмкүн деген кооптонуу бар.

XS
SM
MD
LG