Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:19

ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВДИН НОРВЕГИЯ МЕНЕН АКШга ИШ САПАРЫ АЯКТАДЫ


Кыргызстандын президенти Аскар Акаев ноябрь айынын аягында Норвегияга, ал эми декабрь айынын башында АКШга жумуш сапары менен барып келди. АКШдагы иш сапарынын учурунда Кыргызстан менен Монтана штатынын лидерлери өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду.

Президент Аскар Акаев 26-29-ноябрда Норвегияда расмий иш сапары менен болду. Сапар учурунда ал Норвегия падышачылыгынын ханзаадасы, канышасы, премьер-министри менен жолугушкан. Кыргыз делегациясы гидроресурстарга бай Норвегиянын гидроэнергетикалык станцияларында да болгон. Бул мамлекет гидроресурстарынын 90% пайдаланса, Кыргызстан 10% гана пайдаланууда. Ошондуктан кыргыз делегациясын Норвегиянын гидроресурстарды натыйжалуу пайдалануу тажрыйбасы өзгөчө кызыктырган. Бул тууралуу делегациянын мүчөсү, президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков буларды билдирди:

- Норвегияда энергетика тармагы аябай өнүккөн. 14 ГЭСти 2 гана киши башкарып отурганын көрдүк. Эми Норвегиядан гидроэнергетика боюнча адистер бизге келип, чакан ГЭСтерди куруу боюнча кызматташууну караштырат.

Кыргыз-норвег мамилеси тууралуу айта турган болсок, 2001-жылы АКШга жасалган террордук чабуулдан кийин Эл аралык антитеррордук коалициянын курамында Норвегиянын аскерлери, аскердик учактары Кыргызстандын «Манас» аба майданына жайгашкан. Норвегия ЕККУнун Кыргызстандын Ички иштер министрлигин колдоо боюнча долбооруна 500 миң евро бөлгөн. Ал эми президент Аскар Акаевдин иш сапарында Норвегия ЮНИФЕМдин «Кыргыз аялдарынын жерге жана туруктуу өнүгүү каражаттарына ээ болуу укугу» аттуу долбооруна 1 млн. евро бөлөөрүн билдирген.

Президент А. Акаев Норвегиядагы расмий иш сапары аяктагандан кийин 1-декабрда АКШга жумуш сапары менен барды. Нью-Йоркто кыргыз президентине АКШнын Эл аралык стратегиялык иликтөө ассоциациясынын алтын медалы тапшырылган. Бул медаль эмне себептен берилгендигин Болот Жанузаков мындайча түшүндүрдү:

- Бул сыйлык Аскар Акаевге татаал шартта кыргыз мамлекетин түзүүдөгү өзгөчө ролу, бараандуу салымы үчүн берилди. Андан тышкары, анын демократияны куруудагы эмгеги, ички-тышкы саясаты жана АКШ, Орусия, Кытай сыяктуу улуу мамлекеттер менен мамиле түзгөнү эске алынды.

Бирок президент А. Акаевге бул медалдын ыйгарылышына байланыштуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын 12 депутаты жана бир катар партиялардын лидерлери АКШнын элчилигине жана Стратегиялык иликтөө ассоциациясына нааразылык кат жолдошту. Катка кол койгон депутаттардын бири Өмүрбек Текебаев анын себебин мындайча чечмеледи:

- Бүгүнкү дүйнөлүк саясатта кош стандарттуулук колдонулуп келатат. Ошонун бир көрүнүшү катары биздин президентке АКШнын Стратегиялык иликтөө ассоциациясынын сыйлыгы берилгенин атасак болот. Бул ассоциация АКШ өкмөтү менен түз байланышта болбосо да, кыйыр түрдө мамлекеттик органдар менен байланышкан. Президент А.Акаевдин тагдыры азыркы кыргыз мамлекетинин түзүлүшү менен байланышканын танбастан туруп, азыркы Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абалдын өтө начардыгын, адам укуктарынын тепселгендигин белгилеп, сыйлыктын Аскар Акаевге берилишин айыптадык.

Президент Аскар Акаев баштаган делегация Нью-Йорк шаарынан кийин Монтана штатына барып, 3-декабрда иш сапарын аяктап, Кыргызстанга кайтып келди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG