Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

ОФШОРДУК КОМПАНИЯГА ИШЕНҮҮ ОПУРТАЛДУУБУ?


Сапар Орозбаков, Бишкек Кийинки кездерде Кыргызстандын экономикасына офшордук компаниялар көбүрөөк аралаша баштаганы байкалат. Салыктан качып офшордук (чет өлкөгө таандык) аймактарда катталып алган, ээси белгисиз бул компаниялар жөнүндө коомчулукта ар кандай пикир бар.

Кайыңдынын кант заводун ишенимдүү башкарууга берүү тууралуу өткөрүлгөн тендерде аны эч кимге белгисиз, Кипрде каттоодон өткөн “Перидот Антштальт”деген офшордук компания утуп алган. Эми “Кыргызтелеком” да офшордук компанияга өтүп кетиши мүмкүн болуп жатат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Равшан Жээнбековдун айтымында, тендерде утуп чыккан “Шведтел” компаниясы аны Сейшел аралдарында каттоодон өткөн “Америкен эквюмент лимитед” деген офшордук компанияга каттатууну сурап жатыптыр. Министр Жээнбеков офшордук компаниялардан жөн эле корко бербөө керектигин айтат:

- Орустардын деле бир топ чоң компаниялары ошол офшордук аймактарда катталган экен. Мисалы Юкосту алалы. Ал да офшордук аймакта каттоодон өткөн. Аны эч ким начар компания, жаман иштеп жатат деп айталбайт.

Кыргызтелекомдун офшордук компанияга бериле тургандыгы коомчулукка белгилүү болуп калып, анын каршылыгын жараткан соң, Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети азыр позициясын өзгөртүп, “аны ага берээр–бербесибизди биротоло чече элекпиз”, - деп жатат. Азыр тендерде экинчи орунду алган “Ростелекомдун” аты көбүрөөк айтыла баштады.

- Бир- эки ишкананы чет өлкөлүк компаниялар сатып алабыз дешиптир. Биз карап көрсөк, алар офшордук аймактарда катталышыптыр. “Алардын акчасы бар же жок экенин, жалган документ менен келгенби, чын документ менен келгенби, текшергиле“ деп айтканбыз. Офшордук компанияларды «жаман» деп айтпайм. Бирок кийин акча которулганда жоголуп кетип жатышпайбы. Алардын ошонусу коркунучтуу, – деп депутат Жаныш Рүстөнбеков өткөн жылы аты чыккан “Феликс интерпрейшн” деген офшордук компанияны эскертти. Анын айтымында, өткөн жылы өкмөт Казакстандан көмүр ташып келүүгө ортомчулук кылууну “Феликс интерпрейшн” деген офшордук компанияга тапшырмак болот. Албетте, ал ортомчулук милдетти бекер аткарбайт болчу.

Депутат Жаныш Рүстөнбеков:

- Текшеребиз десек, ал бул иштен баш тартып, жок болду. Бизге Казакстандын премьер-министри “ага акча которуп, андан айрыласыңар” деп (эскертип) айткан .

Айтылгандардан көрүнүп тургандай, офшордук компания кайсы жерде чоң акча болсо, ошол жерде пайда боло калат. Ал кайдан келип, кайда кеткенин билбей каласың.

Депутат Марат Султанов:

- Офшордук компаниянын өзгөчөлүгү - анын артында ким тураарын билбейсиң. Экинчи дагы бир өзгөчөлүгү - салыкты аз төлөш үчүн, аны жашырган жерге качуу. Биз азыр коррупция менен күрөөшүүнүн бирден бир жолу ачыктык деп жатпайбызбы. Офшордук компания буга карама-каршы келет. “Шведтелге” биз: “Урматтуу достор, “Кыргызтелекомду” сатып алганы жатканыңардан кийин офшорго жамынбай эле, ачык ишенгиле, кандайдыр бир милдет алгыла , биз кийин бир нерсе болсо силерден расмий түрдө сурагандай бололу!” - деп айтышыбыз керек болчу.Офшордук компания бүгүн бар да, эртең жок. Кетип калса , кайдан табабыз? Ошондуктан мен мындай офшордук компанияларга каршымын.

Депутат Султанов айткандай, жогоруда сөз болгон “Перидот Антштальт” Кайыңды кант заводун 3-4 жыл иштетип алып, аны быйыл “Альянс “деген компанияга сатып жиберди. “Перидот Антштальт” азыр кайда экени белгисиз бойдон кала берип жатканы маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG