Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

МЕДИА МЕЙКИНИНДЕГИ ЖАГДАЙ, «ГРУЗИН СЦЕНАРИЙИНИН» ДЕМИ, Ч.АЙТМАТОВДУН КѲРКѲМ ДҮЙНѲСҮ


Апта соңундагы кыргыз басылмаларында «Кыргызстанда «грузин сценарийи» кайталанышы мүмкүнбү?» деген суроо кѳп кайталанды. «Непадам Грузиядагыдай кырдаал түзүлүп, жагдай курчуп кетсе азыркы кыргыз бийлиги менен оппозициясы эмне кылар эле?» деген жоромолдор байма-бай айтылууда. Жаңы ачылган эркин басмакананын кызмат акысынын кымбаттыгы кыргыз басылмаларында түрдүү-түмѳн пикирлердин чыгышына ѳбѳлгѳ түздү. 75 жашка чыгып аткан айтылуу кѳркѳм сѳз чебери Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган макалалар да арбын жарыяланууда.

«Лица» гезитинин жаңы санында АКШ менен Орусиянын Кыргызстандагы геосаясий кызыкчылыктарын, азыркы кыргыз бийлигинин тышкы саясатынын айрым ѳңүттѳрүн баяндаган макала жарыяланды. Дүйнѳлүк маалымат каражаттарынын жазганына баам салсак, маселен, Жаңы Зеландиянын «Нью Зеланд Геральд» гезити «непадам «грузин сценарийи» кайталанчу болсо А.Акаев каршылык кѳрсѳткѳндѳргѳ аскерин чыгармак» деп жазган. Басылмада Курманбек Бакиевдин «Мен коркок эмесмин» деген аталышта маеги жарыяланды. Анда Курманбек Бакиев буга чейин бийликтин бир топ тепкичтеринде күчүн сынап, ѳлкѳнүн, элдин мүмкүнчүлүгү кандай экенин жакшы билээрин, депутаттыкка ат салышкан чакта шайлоочулары анын сѳзсүз президенттикке талапкерлигин коюшун талап кылышканын билдирген.

Грузиядагы окуядан кийин бийлик башында отурган адамдын абалы оголе опуртал экени ачыкка чыгып калды. «Кыргыз бийлиги «грузин сценарийи» менен алмашып калышы ыктымалбы же Орусиянын мурунку президенти Борис Ельцинге окшоп шайлоого аз убакыт калганда президент ордун мураскерине таштап чыга береби?» деген суроо чыкпай койбойт. Ага «Лица» гезитинин редактору Бермет Букашева ѳзү мындайча жооп узатты:

- Менимче, эки сценарий тең кайталанып калышы мүмкүн. «Грузин сценарийи» жакында эле Грузияда ийгилик менен жүзѳгѳ ашты. Б.Ельциндин «сценарийи» Орусияда колдонулду. Ельциндин «сценарийинин» кайталанышына 80% мүмкүнчүлүк бар деп ойлойм.

Грузияда бийликтин тынч-аман алмашуусу кыргыз оппозициясын ѳзгѳчѳ ѳрѳпкүткѳнүн, анткен менен андан эч кандай натыйжа чыкпастыгын «В конце недели» апталыгында Данил Кыштобаев жазып чыкты. «30 миң адамды грузин оппозициясы аянтка алып чыккан жок, - деп жазат автор. - Аны деле ѳзүн-ѳзү алдаган амалкѳй грузин президенти чогултту. Бишкекте андай окуянын болуп кетиши ѳтѳле күмѳндүү». Данил Кыштобаевдин жазганына ынансак, ушу тапта Кыргызстан оор кризисте турат. «Бирок андан чочулаштын кажаты жок. Кризис - айрылыш жолдун башталышы гана. Ѳлкѳ андан же оңолуп чыгат, болбосо биротоло очорулуп жок болот. Президент А.Акаев ушу тапта Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркын кѳтѳрүүнүн камын ойлоп жүрѳт, ѳлкѳнүн стратегиялык ѳнүгүш багытын аныктап койгон. Кийинки президент ошол бийик максат-мүдѳѳнү жолго калтырбай, ийгиликтүү улап кетсе болгону», дейт макала автору.

Ушул эле гезитте А.Шепеленконун «Биздеги маалымат каражаттарына кандай эркиндик керек?» деген ой жоруусу жарыяланган. Автордун пикиринде, сѳз эркиндигин кѳжѳлүп талап кылган маалымат каражаттары ѳткѳндү сындоо менен гана алектенип, бийликтин азыркы жасап жаткан жакшы иштеринен кынтык издѳѳнү кесип кылып алышкан. Четтен берилген жардамды акташ максатында жалаң сын айтып, сѳз эркиндиги кысымга алынып келатканын кайталоодон тажабай келатышат.

Айтылуу кѳркѳм сѳз чебери Чыңгыз Айтматовдун 75 жылдыгына арналган макалалар жума күнкү «Кыргыз туусу», «Эркин тоо», «Заман Кыргызстан» гезиттеринде жарыяланды. Авторлордун жазганына ынансак, кыргыз атын дүйнѳгѳ тааныткан жазуучунун «Обон», «Ак кеме», «Гүлсарат» повесттери, «Кылым карыткан бир күн» романы кѳркѳм ойдун мыкты үлгүсү катары алигече философиялык маани-маңызын жогото элек.

Эл аралык басма үйүнүн Бишкекте ачылышы эркин гезиттердин чечекейин чеч кылган. Бирок анын кызмат акысынын кымбаттыгы «Дело №» гезитинин кѳңүлүн кайт кылып, башкалардын шаабайын суутканын апта соңундагы «Бишкек таймс» маалым кылды. Лейлектен келип колараба түртүп жүрүп ишкерликти баштаган карапайым кыргыздын кантип байыганын ушул эле гезитте Бахтияр Шаматов баяндап берген. Кыргыздын кѳчмѳ соодагерлери поюз жолдо казак менен орустун милиция, бажы кызматкерлеринен кѳрбѳгѳн азапты кѳрүшѳѳрү Тѳлѳн Абдыразаковдун «Кыргыз «челнокчулары» Казакстан менен Орусияны кантип багып жатат?» деген жол очеркинде чагылдырылган.

Бензиндин таңкыстыгынан улам Кыргызстандын экономикалык абалы ѳтѳле опуртал экенин ачыкка чыгып калды. «Буга түздѳн-түз тиешеси бар Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын ишин текшерүү зарылдыгы бышып жетти», деп жазат апта соңундагы «Вечерний Бишкек» гезити.

Жокчулукту жон териси менен сезип, анын кандайлыгын кѳргѳн улуу акын Калык Акы уулу согуштан кийин багар-кѳрѳрү жок шыктуу балдарды багып, алардын адам болушуна чоң таасири тийгизгенин жума күнкү «Кутбилим» гезитинде анын келини Магрифа Рахимова эскерген. «Баары болуп он бир бала-чака тар эки бѳлмѳдѳ чогуу жашап жүрдүк», дейт Калык акындын келини.
XS
SM
MD
LG