Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Орусиялык гезиттер: ШАЙЛООЧУЛАР ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО ЫРГЫЛЖЫҢ МААНАЙДА КАТЫШУУСУ АЖЕП ЭМЕС


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Эртең, 7-декабрда Орусия келээрки төрт жылга өзүнүн парламентинин төмөнкү палатасын тандайт. Алдыдагы чоң саясий окуянын таржымалы жергиликтүү басма сөз беттеринде ар түрдүү жоромол, божомолдорду пайда кылууда.

Орусиялык гезит-журналдар алдыдагы парламенттик шайлоонун эртеңин көбүрөөк пессимисттик маанайда сүрөттөп жатканы байкалат. Шайлоодо күрөшүүгө бел байлап жаткан эң алдыңкы беш партиянын өнөктүгүнө назар салышкан басылмалар партия өкүлдөрүнүн жер-жерлердеги шайлоочулар менен жолугушуусуна эмес, «башкы үгүттөө куралы» катарында таанышкан телеканалдардагы дебаттарга өзгөчө орун беришти. Бул жагдай болуп көрбөгөндөй кызыктуу парадокс менен коштолду. Коом пикирин иликтөөчү уюмдардын маалыматында, калк «аталган теледебаттарда жигердүү катышып жатат» деген жообун аларга катышуудан такыр эле баш тарткан «Бирдиктүү Орусия» партиясына бериптир. Мында байкоочулар сыналгы берүүлөрдө бул партия тууралуу өтө эле көп маалымат кеткендиги менен байланыштырышууда.

«Газета» басылмасы бул жолку шайлоо мындан ары Орусияда парламент мамлекеттик институт катары өз күчүн жогото тургандыгына токтолот. Анткени президенттик такка Владимир Путин келгенден бери парламенттин абройу алда канча төмөндөй түшкөн деп эсептейт басылма. «Ал эми шайлоо жыйынтыгында партиялардын эң ириси деп таанылып жаткан президентке жакын «Бирдиктүү Орусия» көпчүлүк орунду ээлесе, саясий нугу андан айырмаланбаган дагы бир катар башка партиялардын да жеңиши Орусияда башка мүнөздөгү саясий багытты карманышкан партияларга орун калбай калуусун түшүндүрөт».

Ушул эле проблема «Новая газета» тарабынан да айтылды. Гезит акыркы күндөрдөгү шайлоо өнөктүгүнө токтолуу менен, эки белгилүү жагдайдын түзүлгөндүгүн жазды. Биринчиси: парламенттик шайлоо эч нерсе чечпейт, баары «падышанын» каалоосунан көз каранды. Экинчи жагдай - Орусиядагы эки либералдык партия - СПС менен «Яблоконун» Думага өтпөй калуу коркунучу бар. «Демек, кимде-ким биринчи жагдайды карманып, шайлоого келбей койсо, ал өкмөттүк партияга добушун берип калат» деген тыянак айтылат макалада.

Ал эми «Независимая газета» басылмасынын пикиринде, бул жолку шайлоо учурунда партияларды бири-биринен айырмалоо жөнөкөй шайлоочу үчүн өтө татаал болуп калды. Анткени алардын көпчүлүгүндө түшүнүктүү саясий программа дээрлик жок. «Бардык эле партиялар орус байларына каршы күрөштү күчөтүү тууралуу кыйкырышууда. Муну менен тыгыз байланыштагы социалдык проблемалардын чечилиш жолун да партиялар бирдей эле калыпка салып талдашууда», - деп жазды «Независимая газета» .

«Тандоого коюлган саясий партиялардын ортосундагы айырманын аздыгы шайлоочулардын эч кайсыл партияга добуш бербей коюу коркунучун жаратат жана мындай коркунучтун орун алышы бүгүн өтө эле реалдуу», - деп жазды «Время новостей» . Макала автору Владимир Шпактын оюнча, добуш берүүчүлөрдүн 55-60% эле шайлоого катышса, муну чоң жетишкендик деп айтса болот. Аналитиктер шайлоочулардын буга чейинки регионалдык шайлоолордогу көңүлсүз аракетин алардагы шайлоо механизмдерине болгон ишенимдин аздыгы менен түшүндүрүшүүдө.

«Чындап келгенде, кимге ишенүү керек?» деген суроону коюп, «Московские новости» бүгүнкү алдыдагы беш партиянын жол баштоочуларына мүнөздөмө берип чыкты. Гезит маалыматында, шайлоочулар көбүнесе партиялардын саясий мазмунуна эмес, алардын жетекчилигинин мүнөзүнө карата добуш беришет.

«Андай болсо, бүгүнкү «Бирдиктүү Орусия» партиясынын жетекчилери, министрлер менен губернаторлор шайлоодо жеңишке жетишкен күндө деле кийин Думада иштеп калбай тургандыктарын билген кайсыл шайлоочу аларга добуш берет?» - деп таң калганын жашырбайт журналист Андрей Степанов.
XS
SM
MD
LG