Токйо шаарында бүгүн Иракта курман болгон эки жапаниялык дипломаттын тажыясы өткөрүлдү. Кацухико Оку менен Масамори Иноуэ 29-ноябрда Тикрит шаарынын алдында террорчулардын колунан өлгөн. Тажыяга катышкан премьер-министр Дзюнитиро Коидзуминин айтымында, бул окуяга карабастан, Жапания Иракка жардам көрсөтүүнү улантат. Өкмөт Иракка бир миңге жакын аскер жана башка адистерди жиберүүгө даярданууда, бирок парламент ал чечимди беките элек.