Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:53

Иракта куралдуу кагылышуулар уланууда


Иракта голландиялык жана мажарстандык аскерлерге кол салынды. Мажар аскерлери бүгүн кошуна Кувейттен чыгып, Иракка гуманитардык жардам алпараткан, бирок алар чек арадан 120 чакырым алыстаганда, аларга каршы ок атылгандан улам кайрадан кайтып келди. Кагылышуу учурунда бир ирактык согушкер жараат алды. Кечээ күнү болсо Басра шаарынын алдында голландиялык полиция күзөтү өтүп бараткан жерде бомба жарылган, эч ким жабыркаган жок. Өлкөнүн түндүгүндөгү Мосул шаарында болсо бүгүн бир ирактык полициячы атып өлтүрүлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG