Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

БАШКОРТ ПРЕЗИДЕНТИ ДОБУШ БУРМАЛАГЫСЫ КЕЛГЕНБИ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Жекшемби күнү боло турган президенттик шайлоодо Башкортстандын мамлекет башчысы Муртаза Рахимов үчүнчү ирээт президенттик мөөнөткө ат салышат. Айрым байкоочулар жума күнү болгон чуулгандуу окуя президенттин ансыз да айласыз төмөндөп кеткен абройуна чоң доо кетиргенин айтып, бул чатактан улам добуш берүү кийинкиге калтырылышы ыктымал деп да жатышат.

Орусиянын алкагындагы жумуриятты 13 жылдан бери башкарып келаткан президент Муртаза Рахимов жекшембиде дагы бир мөөнөткө шайланууга үмүт кылууда. Бирок байкоочулар башкорт президенти Рахимов Кремль менен Россиянын "Бириккен Россия" аттуу өкмөтчүл партиясынын колдоосуна ээ болгонуна карабай, бул жолу атаандаштарына уттуруп койушу ажеп эмес экенин айтып жатышат. Мындай жоромолго жума күнү тутанган чатак да түрткү болду.

Президенттикке ат салашып жаткан күчтүү талапкерлер – «Межпромбанктын» төрагасы Сергей Веремеенко менен «ЛУКойл» компаниясынын мурдагы жетекчиси Релиф Сафин президентти кошумча шайлоо бюллендендерин бастырып, добуш берүүнүн жыйыктыгын өз пайдасына бурмалоого кам урган деп күнөөлөп чыгышты. Президенттин иш башкармалыгынын ээлигиндеги басмаканадан кошумча басып чыгарылган пачкалаган таза бюлетендерди таап алышкан атаандаш талапкерлер бул жөнүндө прокуратурага билдирип, ишти териштирип берүүнү өтүнүштү. Алар, ошондой эле, президент Рахимовдон өзүнүн талапкердигин тизмеден алып салууну талап кылышты.

Жума күнү биздин радиого берген интервьюда Веремеенко кошумча бюллетендер президенттин аппарат жетекчиси Радди Хебировдун буйругу менен басылгандыгын айтып, андай жасалма бюллетендерди бийлик мурда эле басып чыгарып, жер-жерлерге жөнөткөнгө үлгүргөн болуу керек, - деп камтама болду. Чатак эмне менен бүтөөрү белгисиз, бирок Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Александр Вешняков прокуратура бул ишти кылдат териштирип, күнөөкөрлөр катаал жаза алаарына ишенимин билдирди.

Бул окуя президент Рахимовдун ансыз деле айласыз төмөн абройуна оңолгус доо кетиргендей болду. Президент жалдаган социологдор шайлоонун биринчи айлампасында Рахимов добуштардын кеминде 40-45 пайызын топтоорун, ал эми экинчи айлампада ал жеңип чыга турганын божомолдошот. Бирок көз карандысыз сурамжылоо Муртаза Рахимовдун республикадагы рейтинги 20 пайыздан да төмөн экенин айгинеледи.

Башкортстандын шайлоочулары өлкөдөгү экономикалык жана социалдык жагдайдын оңолбогонуна нааразы. Ушул жумада башкорт баш калаасы Өфөдө өткөргөн пресс-конференцияда президенттике талапкер Релиф Сафин мындай деди:

- Шаарларда миңдеген адамдар жумушсуз. Айылдагы эл бардар жашайт дейбиз. Бирок өзүнүн жеке менчик дыйкан чарбасында иштеп жаткан элеттиктер жыргаганынан торопой багып жатышкан жок. Алар өндүргөн этти эптеп сатып, жан багуу үчүн иштеп жатышат. Жан сабап иштеп, өндүргөн эттин килосун 40 рублдан сатышат, анан ал этти базарда шаардык эл 65-70, ал тургай, 80 рублге сатып алат.

Президенттикке талапкер Веремеенко болсо экономикалык жана социалдык проблемаларды чечүүдөн мурда өлкөдө этностук жана диний теңсиздик жойулууга тийиш деп эсептейт:

- Сандаган экономикалык проблемаларды чечүүдөн мурда этник жана диний маселелерди жөнгө салуу керек. Ошондо коом коструктивдүү иштегенге кудуреттүү болот.

Сафин менен Веремеенко экөө тең президентикке талапкер болуп каттоодон өтүүдө кыйынчылыктарга туш болушканын айта кетүү керек. Башкортстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Веремеенкону талапкер кылып каттоодон эки жолу баш тарткандыктан, ал Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылганга аргасыз болгон. Ал эми улуту татар Сафин республиканын жогорку сотунун чечими менен араң расмий каттоодон өткөн.
XS
SM
MD
LG