Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

РАМСФЕЛД ИРАКТА БОЛДУ


Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд ишемби күнү эрте менен Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарына келип түштү. Ошол эле күнү ал Ирактагы америкалык администрациянын жетекчиси жана убактылуу башкаруу кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.Рамсфелд Иракта мурда да эки ирет болуп кеткен эле. Бул жолу ал өлкөдөгү аскери-саясий кырдаал менен жеринде таанышып көргүсү келди.

Рамсфелд Тбилисидеги визитин аяктаган соң капыстан эле Иракка кайрылып калат деп эч ким күткөн эмес. Киркукта аны жөө аскерлер корпусуна кирген төртүнчү дивизиянын командири генерал Рэй Одиерно тосуп алып, райондогу аскери кырдаал менен тааныштырды. Генералдын айтымында,түндүк Ирактагы операциялар ийгиликтүү жүрүп жатат, атүгүл жакынкы аралыкта бул районго жайгаштырылган коалициялык контингентти кыскартса болот.

Ишемби күнү кечке жуук Рамсфелд Багдадга келип,америкалык администрациянын башчысы Пол Бремер менен жолугушту. Бремер мындан бир күн мурда Ирактын убактылуу башкаруу кеңеши жана тайпа башчылары менен жыйын өткөрүп, бийликти өткөрүп берүүгө байланышкан маселелерди талкуулаган эле. Бремердин баамында, Ирак өкмөтүн түзүү иши канчалык илгерилесе, коалициялык күчтөргө кол салуу аракеттери ошончолук күч алышы мүмкүн. Иракта таптакыр жаңы бийликтин түзүлүшү мурдагы режимдин тарапкерлерин шүйшүнтүп жибербейт болушу керек, деп айтты ал.

Жума күнү эле Багдаддагы көчөлөрдүн бирине коюлган күбөк бомба жарылып, жергиликтүү үч тургун, ошондой эле америкалык бир солдат набыт кетти. Ушундан улам Пентагондун башчысы Багдаддагы жолугушуулар маалында Ирактын коопсуздук күчтөрүн түзүү ишин тездетүүгө чакырды. Башкаруучу кеңештин учурдагы төрагасы Абделазиз ал-Хаким ырастагандай, өлкөдөгү эң ири беш партия аскерлештирилген атайын бөлүк түзүп, ага партизандарга каршы күрөшүү милдетин табыштоону чечишти. Жаңы корпус бир миңден ашуун адамдан куралат. Күрттөрдүн эки чоң фракциясы - патриоттук союз менен демократиялык партия - өз мүчөлөрүнөн жаңы бөлүккө жүздөн киши чыгармак болушту. Бу маселени азыр калган фракциялар караштырып жатышат, ал эми ал-Хаким жетектеген Ирак ислам революциясынын жогорку кеңеши – шийиттердин эң ири кыймылы – Бадр корпусу деген ат менен аскери бригада түзгөнгө үлгүргөн. Бул бригада башка куралдуу отряддарга караганда алда канча күжүрмөн жана карылуу бөлүктөрдөн. Ал өзү көзөмөлдөгөн аймактарда коопсуздук орнотконго жетишти.

Рамсфелд ошол эле учурда Саддамды колдогон кошуундардын сары изине түшүү оңой болбой чыкканын моюнга алды. Партизандык топторду уюштуруп жаткандардан ким бирөөнү кармап аларбыз дегеле күмөндүү көрүнөт, деп айтты ал. Өткөн аптада америкалык аскерлер Саддамдын башкы сакабасы делинген Иззат Ибрагим ал-Дуриге саят салып, бир нече операцияларды өткөрүштү. Бирок аны таба алышкан жок.
XS
SM
MD
LG