Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:25

КЫШТЫН АЛГАЧКЫ АЙЫНЫН БИРИНЧИ АПТАСЫНДАГЫ ОЛУТТУУ ОКУЯЛАР


Өтүп бараткан аптада президент Аскар Акаевдин АКШга болгон иш сапары аяктады. Парламент Шайлоо кодексине кирип жаткан өзгөртүү-толуктоолорду талкуулады. Коомдук уюмдардын өкүлдөрү болсо «Алай канышасы» - Курманжан датканын айкелин кайда коюу боюнча пикирлерин билдиришти. Депутаттар Конституцияга өзгөртүү киргизүү максатында кол чогулта башташты. 2004-жылы Өзбекстандан газ сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр оң натыйжа берген жок.

Президент Аскар Акаевдин 1-декабрда Америка Кошмо Штаттарында башталган иш сапары 3-декабрда аяктады. Нью-Йоркто мамлекет башчысына АКШнын Эл аралык стратегиялык иликтөө ассоциациясынын алтын медалы тапшырылды. Кыргыз делегациясынын курамында Кошмо Штаттарына барып келген Президенттик администрациясынын Коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаковдун айтымында:

- Бул сыйлык Аскар Акаевге татаал шартта кыргыз мамлекетин түзүүдөгү өзгөчө ролу, бараандуу салымы үчүн берилди. Андан тышкары, анын демократияны куруудагы эмгеги, тышкы саясатта АКШ, Орусия, Кытай сыяктуу улуу мамлекеттер менен жакшы мамиле түзгөнү эске алынды.

Болот Жанузаков баштаган бийлик өкүлдөрү АКШ дагы президенттин эмгегин минтип баалап жатат деген пикирди айтышса, оппозиция тарапта Аскар Акаевдин мындай сыйга татышына сын мамиле жасагандар да болду. Айрым депутаттар жана кээ бир саясий партиялардын өкүлдөрү «өлкөнүн экономикасы сазга батып, коррупция күчөп жатса, Аскар Акаев кайсы эмгеги үчүн мындай сыйга татышы керек?» деген мазмундагы катты АКШнын Бишкектеги элчилигине жана Эл аралык стратегиялык иликтөө ассоциациясына жолдошту. Эмесе, ошол кайрылууга кол койгон оппозициячыл маанайдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин пикирин угалы:

- Бүгүнкү дүйнөлүк саясатта кош стандарттуулук колдонулуп келатат. Ошонун бир көрүнүшү катары биздин президентке АКШнын Стратегиялык иликтөө ассоциациясынын сыйлыгы берилгенин атасак болот. Бул ассоциация АКШ өкмөтү менен түз байланышта болбосо да, кыйыр түрдө мамлекеттик органдар менен байланышкан. Президент А.Акаевдин тагдыры азыркы кыргыз мамлекетинин түзүлүшү менен байланышканын танбастан туруп, азыркы Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абалдын өтө начардыгын, адам укуктарынын тепселгендигин белгилеп, сыйлыктын Аскар Акаевге берилишин айыптадык.

Кыргызстандын мамлекет башчысы антип «демократиянын Мекеси» делген Кошмо Штаттарында жүргөн күндөрү кыргыз парламенти демократияны өнүктүрүүгө баш оорутуп, Шайлоо кодекси боюнча кызыл чеке талаш-тартыштар болду. Депутаттардын бүйүрүн шайлоо комиссияларынын курамында канча мугалим, дарыгерлер болот да, канча орун саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө тийиши керек деген маселе катуу кызытты. Оппозициячыл депутат Азимбек Бекназаров «шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жарымы саясий партиялардын өкүлдөрүнөн куралсын» деген сунушун айтты эле, Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев мындай пикирге караманча каршы болду. Анын айтымында, шайлоо комиссияларынын үчтөн бир бөлүгү саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн жетиштүү.

Ал эми эл аралык уюмдар болсо эгер жаңы Шайлоо кодекси ушул калыбында жактырылса, анда ал Кыргызстан кол койгон бир катар эл аралык келишимдерге каршы болуп калат дешүүдө. Долбоор боюнча мисалы, бейөкмөт уюмдар шайлоонүн жүрүшүнөн таптакыр эле четтеп калышкан.

Улуттук демократиялык институттун өкүлү Салома Самадашвили:

- Бизди чет элден каражат алып иштеген бейөкмөт уюмдар шайлоонун жүрүшүнө көзөмөл жүргүзө албай калганы катуу тынчсыздандырат. Мындай жобо Кыргызстан кол койгон эл аралык бир катар келишимдерди бузат.

Партиялык тизме менен парламентке келген депутаттар бул аптада Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн кол топтой баштаганы белгилүү болду. Мындай акциянын максаты – келээрки парламенттик шайлоодо элге партиялык тизме аркылуу депутаттарды тандоо укугун кайтарып берүү.

Өтүп бараткан аптада Курманжан Датканын эстелигин кайда орнотуу керек деген маселе коомчулуктун көңүл борборунда турду. 3-декабрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын Билим жана маданият комитети «Алай канышасынын» айкелин «Алатоо» кинотеатрынын жанына орнотуу туура болот деген чечимин чыгарып берди. Курманжан Датканын жана Таттыбүбү Турсунбаеванын атын алып жүргөн фонддордун эстелик орнотуучу жерди талашып, кызыл чеке болгону өлкөдө эстеликтерди орнотуу боюнча саясаттын дурус иштелип чыга электигин көрсөттү.

Аптанын башында «Кыргызгаздын» жетекчиси Автандил Сыдыковдун Өзбекстанга барган сапарынан майнап чыккан жок. «Узтрансгаз» Кыргызстанга 2004-жылы газдын акысын нак акча менен төлөгүлө деген шарт коюп жатат. Кыргызстан болсо газдын акысынын 55% валюта менен, 45% болсо товар түрүндө берүүнү сунуштоодо.

XS
SM
MD
LG