Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Президент А.Акаев Словакияга иш-сапары менен жөнөп кетти


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев баштаган кыргыз делегациясы бүгүн Словакияга сапар тартты. Делегациянын курамында республиканын вице-премьер-министри Кубанычбек Жумалиев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов, тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жээнбеков жана башкалар бар. Словакияга болгон эки күндүк иш-сапары учурунда Президент Акаев Словакиянын өлкө башчысы Рудолф Шустер менен жолугушуп, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жолдорун талкуулашат. Кыргызстандын президенти ошондой эле Словакиянын премьер-министри А.Дзуринда, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баш катчысы Ян Кубиш жана Словакиянын Улуттук Кеңешинин төрагасы П.Грушовский менен жолугушат. Сапар учурунда Кыргызстан менен Словакиянын ортосунда кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндөгү Меморандумга кол коюлат. Словакияга болгон иш-сапар 9-декабрда аяктап, ушул эле күнү президент Акаев баштаган делегация Швейцарияга жол тартат.

XS
SM
MD
LG