Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

Ысыккөл облусунун губернатору кызматынан бошотулду


БИШКЕК. Ысыккөл облусунун губернатору Эмилбек Анапияев кызматынан бошотулду. Экс-губернатор президенттин Ысыккөл аймагынын курорт жайларын өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. “Бул жөнүндөгү жардыкка президент А.Акаев ишембиде кол койду”, - деп өлкө башчысынын маалымат кызматынан жекшембиде билдиришти. Президенттин ушул эле күнкү жардыгы менен Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары болуп Замирбек Нурмухамбетов дайындалды. Облустун губернаторунун мурдагы биринчи орун басары Максатбек Дыйканов арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG