Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:45

Германия жана Италия өз таламынан кайтпайт


Германия менен Италиянын лидерлери Г. Шрөдер менен С. Берлускони бүгүн Берлинде болгон кездешүүдөн кийин эки өлкө Евробримдиктин-ЕБнын конституциясы боюнча айткан талаптарынан баш тартпасын тастыкташты.
Г. Шрөдердин сөзүнчө, Германия жана Италия кайсы бир маселе колго салынып, сунушту уюмдун жалпы калкынын 60 процентин түзгөн өлкөлөр колдосо, сунуш өтөт деген жобону ЕБнын конституциясына киргизилсин дешип талап кылышууда. Сунушка Евробримдиктин аз элдүү өлкөлөрү каршы чыгышууда.
Германия, ошондой эле, Еврокомиссия оперативдүү чечим кабыл алуусу үчүн, анын мүчөлөрү азайтылыш керек деп санайт. Азыр Еврокомиссияда 20 мүчө бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG