Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин директору Мохаммед эл-Барадейи өзөктүк куралдарды жайылтууга каршы чараларды күчөтүүгө чакырды.
Өзөктүк куралдарды жайылтпоо келишими натыйжалуу. Бирок, өзөктүк куралдуу болууну каалаган өлкөлөрдүн өзөктүк материалдарды алуусун чектөөнү күчөтүү зарыл деди эл-Барадейи. Ал мындай кайрылууну АКШнын мурдакы президенти Дуайт Эйзенхауердин “Атом тынчтык үчүн” сөзүнүн 50 жылдыгына байланыштуу жасады.
Эйзенхауердин чакыруусунан төрт жыл кийин БУУнун атомдук агенттиги - МАГАТЭ түзүлгөн.