Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:10

Түркиялык полициячы чеки ишке барды


Адегенде такси айдоочуну барымтага алган түрк полициясынын офицери Ыстамбулдагы май куюучу жайдын үч кызматкерин да барымтага алып, андан кийин колго түшүп берди.
Ырасмий бийликтер полициячынын чектен чыккан кадамынын себеби беймаалым деп маалымдашты. Бирок, Анадолу жаңылыктар агенттигинин атын атабаган полиция офицерине шилтеп маалымдашынча, офицер полициячылардын оор жумуш шартына коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн ушундай чеки ишке барган.
Өткөн айда Ыстамбулда болгон бомба чабуулдары 61 адамдын өмүрүн алгандан кийин, тыныгуудагы полиция кызматкерлери кайра кызматка чакырып алынган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG