Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

АКШлык учактын чабуулунан Ооганстандык тогуз бала өлдү


Америка Кошмо Штаттарынын авиация күчтөрү Ооганстандын түштүгүндөгү террорчулар бар деп шектелген жайга жасаган чабуулда тогуз баланын курман болгонун америкалык аскерий командачылык ырастады
АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Хализад Кабулда өткөн пресс-конференцияда бутага Молдо Уазирдин Газни шаарынын четиндеги үйү алынып, молдо мерт болгонун айтты.
З. Хализад:

- Капылет кырсыкта тогуз баланын мерт болгону бизди абдан өкүткө салды. Буга өтө зээним кейиди жана балдарын жоготкон үй-бүлөлөргө көңүл айтып, алардын кайрат кылуусун өтүндүм. Балдарынан ажыраган үй-бүлөлөрдүн кайгысы канчалык терең экени мага маалым.
.
Ооган бийликтеринин билдиришинче, Молдо Уазир Ооганстандагы террордук чабуулдарды уюштуруп каржылаган адамдардын бири.

Ички иштер министри Али Ахмад Жалали бүгүн Кабулдан тыш жактарда иштеген соопкерчилик уюмунун түркиялык эки кызматкери жана бир ооган уурдалганын кабарлады.
Кечээ күнү Кабул-Кандагар кан жолунда индиялык эки инженерди белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен.

XS
SM
MD
LG