Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:59

ООГАНСТАНДА АМЕРИКАЛЫК БОМБАДАН ТОГУЗ БАЛА НАБЫТ БОЛДУ


Жаңыл Жусубжан, Прага шаары. Апта соңу Ооганстанда кан төгүүлөр менен коштолду. Кечээ ишембиде Кандагар базарында бомба жардырылып, ондогон киши жараат алды. Ушул эле күнү америкалык авиациянын бомбалоосунан тогуз бала каза тапты. Анын аралыгында, Лоя Жырганын же жалпы улуттук жыйындын ачылышы кийинкиге калтырыла тургандыгы жарыяланды. 10-декабрда Лоя Жыргада өлкөнүн жаңы конституциясы каралмак. Жыйындын ачылышын кечеңдетүүгө өлкөдөгү коопсуздук кырдаалдын начарлап кетиши түрткү болгон шекилдүү.

Ишемби күнү Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарындагы базарда бомба жарылып, 20 киши жараат алды. Кандагар полициясынын баштыгы Мохаммад Хашим жардыруу үчүн «тынчтыктын душмандары күнөөлүү» деп айтты:

- Бул чабуулду Ооганстандын кас душмандары, тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн таш-талканын чыгаргысы келгендер, элдин бейпил жашоосун каалабагандар уюштурду.

Ал эми президент Хамид Карзай Лоя Жырганы үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн "террористтерди" айыптады. Айткандай эле, жекшемби күнү Ооганстандын Конституциялык комиссиясынын өкүлү Фарук Вардак Лоя Жырганын расмий ачылышы кийинкиге калтырылып жаткандыгын жарыялады. Ал делегаттардын бардыгы Кабулга 10-декабрга чейин келе албай жаткандыгын билдирди. Бул күнү Кабулда өлкөнүн булуң-бурчунан чакырылган делегаттар өткөн айда жарыяланган конституциянын долбоорун талкуулашмак. Конституциялык комиссиянын өкүлү ачылыш аземи канча убакытка кийинкиге калтырылып жаткандыгын тактаган жок.

Кандагардагы каргашадан көп өтпөй, Газни шаарына жакын жерде кулатылган талип режиминин кишисин бутага алган америкалык согуш учактары жаңылыштык менен тогуз баланы өлтүрүп алышты. АКШ армиясынын майору Кристофер Уест Ассошиэйтед Пресс агенттигине: "Биз чабуул баштаганда, ал жерде өспүрүм балдар бар экенин билген эмеспиз", - деп билдирди.

Газни акиминин катчысы Жаваид Хан "талиптердин мурдагы кол башчысы Вазир молдого каршы багытталган делген бомбадан сегиз бала, эки киши набыт болду", - деди. Бирок катчы алардын арасында Вазир молдо жок деп ырастады. "Америкалыктар Вазир молдонун үйүн бутага алышмак, бирок иш жүзүндө башка үйдү бомбалашты", - деди Хан Ассошиэйтед Пресс агенттигине.

Дагы бир жергиликтүү расмий өкүл Ахмад Зия Масууд Вазир жума күнү америкалык тикучмаларды аткылаган болчу деп билдирди. Анын айтымында, курман болгон 10 киши Вазирдин туугандары же коңшулары экендиги белгисиз. Ал эми акимдин орун басары Мохаммед Хусеини Вазирдин бала-чакасы Пакистанда жашайт деп ырастады.

АКШ армиясынын өкүлү майор Уесттин айтымында, Вазир молдо ооган жолун куруп жаткан чет элдик эки жумушчунун өлүмү үчүн шектелүүдө. Уест курмандыктардын аты-жөнүн кабарлаган жок, бирок ишембиде индиялык эки инженер жол боюнан уурдалып кеткен эле. Америкалык майор АКШ армиясы бомбалаган жерге тергөөчүлөр жиберилгенин бышыктады. Ооганстандагы АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн атынан Уест бейкүнөө курман болгондордун урук-туугандарына көңүл айтты жана "аларга колдон келген жардам көрсөтүлөт" деди. Мындан эки жыл мурда кулатылган талиптердин калдыктарын жана «ал-кайидачыларды» жок кылуу операцияларына Чыгыш жана Түштүк Ооганстанда коалициялык күчтөрдүн 11 500дөн ашык жоокери тартылган.

Соңку айларда куралчандар чет элдик гумжардам кызматкерлерине жана АКШ баштаган коалицияга жан тартат деп саналган тараптарга каршы чабуулдарды күч алдырууда. Кан төгүүнүн күчөшүнө байланыштуу, айрыкча 16-ноябрда Бириккен Улуттардын франциялык кызматкери атып өлтүрүлгөндөн кийин, эл аралык гумжардам уюмдары Ооганстандагы иш-чараларын кыскарта башташты.

Анын аралыгында, Ооганстандан дагы чет элдик эки жумушчунун дайынсыз жоголуп жаткандыгы маалым болду. Өлкөнүн ишки иштер министри Али Ахмад Жалали түркиялык эки атуул Кабулдун жака-белинде гуманитардык долбоордо иштеп жаткан жеринен жоголгонун, бул окуя – кылмышкерлердин колунан келди деп шектелип жатканын маалымдады.
XS
SM
MD
LG